Кара-Балта жана Токмоктун өнүктүрүүсүнө 1 млрд сомдон бөлүнөт

Кара-Балта жана Токмоктун өнүктүрүүсүнө 1 млрд сомдон бөлүнөт

Кара-Балта жана Токмок шаарларын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Такталгандай, бул маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки шаарды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Кара-Балтада бөлүнгөн бюджеттик каражаттын эсебинен асфальт-бетон заводун, таш майдалоочу цехти куруу, жол куруучу техникаларды сатып алуу, Кербен муниципалдык базарын түзүү, борбордук стадионду реконструкциялоо, парктарды реконструкциялоо, сейил бактарды оңдоо, суу менен камсыздоо жана канализация, бала бакча куруу, жолдорду оңдоо, шаардын интерактивдүү картасын иштеп чыгуу жана видеобайкоо камераларын орнотуу пландалууда.

Токмокто өнөр жай аймагын инфраструктура менен камсыз кылуу, бетон заводун куруу, «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасын модернизациялоо, асфальт-бетон заводун куруу, атайын техникаларды алуу, паркты жакшыртуу, таш майдалоочу цех куруу, мал базарды жакшыртуу, жолдорду оңдоо (өнөр жай аймагындагы жана ички жолдор), Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда туристтик комплекс куруу, логистикалык борбор куруу, Токмок шаарынын борбордук базарын реконструкциялоо, балдар бакчасы, көп функционалдуу стадиондун курулушу пландалууда.

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров сунушталган пландарды бекитип, бул иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну тапшырды.

«Кара-Балта жана Токмок шаарлары Чүй облусундагы экономикалык жана өнөр жайлык өнүгүүнүн борборлору.  Бөлүнгөн каражаттар аталган шаарлардын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет деп күтөбүз», - деген ал жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

Улуттук банк тез төлөмдөр системасы үчүн бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы банктар жана башка финансылык уюмдар ортосунда төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана багыттоо иштерин камсыздай турган тез төлөмдөр системасынын бирдиктүү операторун түзүүнү сунуштады. Тиешелүү жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, жаңы система ар кандай банктарда жана финансылык уюмдарда тейленген кардарлардын ортосундагы акча которууларды реалдуу убакыт режиминде — суткасына 24

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

Дүйнө элдерин бириктирген түндүк көтөрүү аземи өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан "Көчмөндөр цивилизациясы: мурасы, парадигмалары жана келечеги" эл аралык илимий конференциясынын түндүк көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билиим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Монголия, Австрия, Улуу Британия, АКШ, Түштүк Корея,

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Кыргызстан менен АКШ темир жол долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Финансы министри Руслан Суйналиев 3-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жана аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Атап айтканда, Америка тарап Кыргызстандагы темир жол тармагында келечектүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Салыктан патентке чейин: кызматтар банк тиркемелери аркылуу жеткиликтүү

Жарандар салыктык кызматтарды эми өздөрү колдонгон банктын мобилдик тиркемеси аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, салыктык карызды текшерүүгө жана электрондук патент алууга болот. Мындан тышкары, жарандар жеке ишкер катары катталып, жеке ишкердин күбөлүгүн да электрондук түрдө ала алышат. Бул үчүн