KT&G компаниясы Кыргызстандагы инвестицияларын кеңейтүүгө кызыкдар

KT&G компаниясы Кыргызстандагы инвестицияларын кеңейтүүгө кызыкдар

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түштүк Кореянын KT&G корпорациясынын президенти Бан Кен Манг менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан маалымдашты.

Жолугушууда тараптар KT&Gнин Кыргызстандагы инвестицияларын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде фармацевтика, косметика жана кыймылсыз мүлк тармактарындагы жогорку технологиялык долбоорлорду талкуулашты. Министр компанияны өлкөдө фармацевтикалык өндүрүш куруу аркылуу инвестиция салууга чакырды.

Бан Кен Манг KT&Gнин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Тараптар бул жолугушууну эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы этабы деп баалашты.

Маалымат үчүн: KT&G — 100 жылдан ашуун тарыхы бар, Түштүк Кореянын алдыңкы корпорацияларынын бири. Компания тамеки, фармацевтика, женьшень өстүрүү, косметика жана кыймылсыз мүлк тармактарында ишмердүүлүк жүргүзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Пакистан ишкерлер үчүн кызматташтык аянтчасын түздү

Кыргызстан менен Пакистан ишкерлер үчүн кызматташтык аянтчасын түздү

Бишкекте Кыргызстан менен Пакистандын Ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүп, анда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына ылайык, жыйында логистика, айыл чарба, адал индустрия, текстиль жана дары-дармек тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ошондой эле тараптар транспорттук байланыштарды жакшыртуу, бажы жол-

Баткенде 18 ветеринардык дарыканага мониторинг жүргүзүлдү

Баткенде 18 ветеринардык дарыканага мониторинг жүргүзүлдү

Баткен облусунда ветеринардык дары-дармектердин сатылышына жана сакталуусуна көзөмөл жүргүзүү максатында 18 ветеринардык дарыканага мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Текшерүү 2-сентябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Баткен облусу боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору жана Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана

Таш-Көмүрдө көчөлөрдөгү топурактын сапаты текшерилди

Таш-Көмүрдө көчөлөрдөгү топурактын сапаты текшерилди

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы көчөлөрдө топурактын сапатын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнү министрликке караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери жүргүзгөн. Жеринде тиешелүү сыноолор өткөрүлүп, лабораториялык изилдөө үчүн топурактан үлгүлөр алынды. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгында топурактын физикалык-

Баткенде "Европага жөнөтөм" деп жарандардан 900 миң сом алган шектүү кармалды

Баткенде "Европага жөнөтөм" деп жарандардан 900 миң сом алган шектүү кармалды

Баткен ОИИБдин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 43 жаштагы Ж.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу аймактык милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин бир нече тургун милицияга кайрылып, 2025–2026-жылдары аталган жаран "Европа өлкөлөрүнө жөнөтүп, жумушка орноштурам" деп ишенимге кирип, ар