"Кыргызнефтегаздын" пайдасы 31%га өсүп, 2,6 млрд сомго жетти

"Кыргызнефтегаздын" пайдасы 31%га өсүп, 2,6 млрд сомго жетти

КРнын Эсептөө палатасы «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун 2023–2024-жылдардагы ишмердүүлүгүнө аудит жүргүздү. Анын жыйынтыгы боюнча компаниянын таза пайдасы 2,6 млрд сомду түзүп, планда каралган көрсөткүчтөн 31%га жогору болду. Бул тууралуу Ekonomist.kg сайты Эсептөө палатасына шилтеме берүү менен жазды.

Маалыматка ылайык, өндүрүштүк көрсөткүчтөр жалпы пландын талаптарына ылайык болду. Пландалган 180 миң тонна нефтинин ордуна 177 миң тонна (98,3%) өндүрүлдү, ал эми газдын өндүрүшү пландан ашып, 28,2 млн м³ түздү (планда 25 млн м³), бул 112,9%га барабар.

Компаниянын жалпы кирешеси 6,2 млрд сом, чыгашалары 3,5 млрд сомду түзүп, натыйжада 600 млн сом үнөм болду.

Аудит учурунда 18,1 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталды. Алар негизинен дебитордук карыздын эсепке алынуусу, амортизация жана чет элдик өнөктөштөргө эсеп-фактураларды берүү менен байланыштуу. Ошол эле учурда, ишкананын ички резервдери 436,8 миң сом болду.

Эсептөө палатасы компаниянын ишмердүүлүгү мыйзам талаптарына ылайык экенин белгиледи, бирок финансылык дисциплинаны күчөтүү жана бухгалтердик эсептин тактыгын жогорулатуу боюнча сунуштарды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Пакистан ишкерлер үчүн кызматташтык аянтчасын түздү

Кыргызстан менен Пакистан ишкерлер үчүн кызматташтык аянтчасын түздү

Бишкекте Кыргызстан менен Пакистандын Ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүп, анда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына ылайык, жыйында логистика, айыл чарба, адал индустрия, текстиль жана дары-дармек тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ошондой эле тараптар транспорттук байланыштарды жакшыртуу, бажы жол-

Баткенде 18 ветеринардык дарыканага мониторинг жүргүзүлдү

Баткенде 18 ветеринардык дарыканага мониторинг жүргүзүлдү

Баткен облусунда ветеринардык дары-дармектердин сатылышына жана сакталуусуна көзөмөл жүргүзүү максатында 18 ветеринардык дарыканага мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Текшерүү 2-сентябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Баткен облусу боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору жана Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана

Таш-Көмүрдө көчөлөрдөгү топурактын сапаты текшерилди

Таш-Көмүрдө көчөлөрдөгү топурактын сапаты текшерилди

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы көчөлөрдө топурактын сапатын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнү министрликке караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери жүргүзгөн. Жеринде тиешелүү сыноолор өткөрүлүп, лабораториялык изилдөө үчүн топурактан үлгүлөр алынды. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгында топурактын физикалык-

Баткенде "Европага жөнөтөм" деп жарандардан 900 миң сом алган шектүү кармалды

Баткенде "Европага жөнөтөм" деп жарандардан 900 миң сом алган шектүү кармалды

Баткен ОИИБдин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 43 жаштагы Ж.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу аймактык милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин бир нече тургун милицияга кайрылып, 2025–2026-жылдары аталган жаран "Европа өлкөлөрүнө жөнөтүп, жумушка орноштурам" деп ишенимге кирип, ар