Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен сатып алууларды реформалоодо

Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен сатып алууларды реформалоодо

Вашингтондо Финансы министринин орун басары Улугбек Календеров Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия аймагы боюнча сатып алуулар практикасынын жетекчиси Фелипе Гойя менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууга министрликке караштуу ички аудит кызматынын төрагасы, Финансы академиясынын директору жана Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин өкүлдөрү жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышышты.

Тараптар мамлекеттик сатып алуулар процессин ачык-айкын жана эффективдүү кылууга багытталган реформаларды талкуулашты. Атап айтканда, түздөн-түз келишим түзүү ыкмаларын кыскартуу, баллдык баалоо механизмин киргизүү, электрондук сатып алуулар үчүн “бирдиктүү терезе” тутумун өнүктүрүү жана даттанууларды кароо боюнча комиссия мүчөлөрүнө сый акы төлөө структурасын түзүү маселелери белгиленди.

Мындан тышкары, "Сатып алууларды трансформациялоо: пландоо — натыйжалуулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн ачкычы" темасында жыл сайын эл аралык форумду өткөрүү маселеси талкууланды.

Фелипе Гойя Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасы менен сатып алуу процесстерин өркүндөтүү жана экономикалык туруктуулукту чыңдоо багытында кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишти улантууга жана мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатууга биргелешип кызыкдар экенин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Пакистан ишкерлер үчүн кызматташтык аянтчасын түздү

Кыргызстан менен Пакистан ишкерлер үчүн кызматташтык аянтчасын түздү

Бишкекте Кыргызстан менен Пакистандын Ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүп, анда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына ылайык, жыйында логистика, айыл чарба, адал индустрия, текстиль жана дары-дармек тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ошондой эле тараптар транспорттук байланыштарды жакшыртуу, бажы жол-

Баткенде 18 ветеринардык дарыканага мониторинг жүргүзүлдү

Баткенде 18 ветеринардык дарыканага мониторинг жүргүзүлдү

Баткен облусунда ветеринардык дары-дармектердин сатылышына жана сакталуусуна көзөмөл жүргүзүү максатында 18 ветеринардык дарыканага мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Текшерүү 2-сентябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Баткен облусу боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору жана Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана

Таш-Көмүрдө көчөлөрдөгү топурактын сапаты текшерилди

Таш-Көмүрдө көчөлөрдөгү топурактын сапаты текшерилди

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы көчөлөрдө топурактын сапатын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнү министрликке караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери жүргүзгөн. Жеринде тиешелүү сыноолор өткөрүлүп, лабораториялык изилдөө үчүн топурактан үлгүлөр алынды. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгында топурактын физикалык-

Баткенде "Европага жөнөтөм" деп жарандардан 900 миң сом алган шектүү кармалды

Баткенде "Европага жөнөтөм" деп жарандардан 900 миң сом алган шектүү кармалды

Баткен ОИИБдин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 43 жаштагы Ж.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу аймактык милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин бир нече тургун милицияга кайрылып, 2025–2026-жылдары аталган жаран "Европа өлкөлөрүнө жөнөтүп, жумушка орноштурам" деп ишенимге кирип, ар