Кыргызстан курулуш тармагында чет элдик инвестицияларды күчөтөт

Кыргызстан курулуш тармагында чет элдик инвестицияларды күчөтөт

Кечээ, Курулуш министринин орун басары Бакай Турдугулов Корея Республикасынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун негизги максаты — инвестициялык климатты жакшыртуу, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу жана курулуш тармагына инновациялык чечимдерди киргизүү.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылдын 5-июнунда кабыл алынган №70-чуа жобосу талкууланды. Ага ылайык, Курулуш министрлиги Россия, Кытай, Корея, Япония, АКШнын, ошондой эле Европа Биримдигинин еврокоддорунун курулуш стандарттарын тааныйт.

Бул жобо кабыл алынгандан бери техникалык кеңеш 23 инвестициялык долбоорду карап чыгып, жактырган. Ченемдик акт макулдашуу процесстерин жөнөкөйлөштүрүп, чет элдик өнөктөштөрдүн Кыргызстандагы курулуш тармагына ишенимин бекемдөөгө жана инвестицияларды көбөйтүүгө шарт түздү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Министр Кулубаев 6-ноябрда Астанадагы саммитке катышат

Экономика министри ЮНИДО менен кызматташуунун 3 негизги багытын атады

Салык кызматы 2026-жылдын 5-ноябрына карата 426,87 млрд сом чогултту

Улан Ниязбеков Казакстанда ИИМдин Башкаруу академиясына барды

Экологиялык рейд жүргүзүлүп, Токмоктогу беш айдоочуга 53 миң сом айып пул салынды