Борбор Азия парламент өкүлдөрү айлампа экономиканы талкуулашты

Борбор Азия парламент өкүлдөрү айлампа экономиканы талкуулашты

13–14-октябрда Алмата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламент өкүлдөрүнүн айлампа экономика маселелери боюнча Экинчи региондук диалогу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чара EU SWITCH-Asia программасы жана Борбор Азиянын аймактык экологиялык борбору (CAREC) тарабынан уюштурулду.

Диалогго Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын парламенттери, министрликтер, эл аралык уюмдар, эксперттер жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун негизги максаты — айлампа экономика боюнча өнөктөштүк программасын илгерилетүү жана парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө болду.

Катышуучулар туруктуу өндүрүш жана керектөө боюнча улуттук жана чек аралык долбоорлорду талкуулап, Кыргызстандын демилгелерин камтыган сунуштарды макулдашты. Ошондой эле айлампа экономика боюнча парламенттер аралык платформаны түзүү жөнүндө меморандумдун жаңыртылган долбоору каралды.

Делегациялар Алматадагы Green City турак жай комплекси жана First Recycling заводуна барып, айлампа экономика принциптери боюнча практикалык тажрыйба менен таанышышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кырчында абалы начарлаган жаран тик учак менен ооруканага жеткирилди

Кырчында абалы начарлаган жаран тик учак менен ооруканага жеткирилди

Кырчын этномаданий шаарчасында ден соолугунун абалы кескин начарлаган Кыргызстандын жараны ӨКМдин тик учагы менен Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 3-сентябрда жаран медициналык жардам алуу үчүн ӨКМдин мобилдик госпиталына кайрылган. Апааттык медицина кызматынын адистери Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте жаранды алгачкы медициналык

Марлен Маматалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшү менен таанышты

Марлен Маматалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшү менен таанышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшү менен таанышты. Аймактагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, ал көчмөн элдердин маданияты, каада-салты жана улуттук баалуулуктары чагылдырылган маданий иш-чараларга күбө болду. Жогорку Кеңештин төрагасын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Бакытбек Жетигенов коштоп жүрдү. Кыргызстандын

Усольехимпромдон - Таш-Көмүргө: Росатомдун экологиялык технологиялары эл аралык колдонууда

Усольехимпромдон - Таш-Көмүргө: Росатомдун экологиялык технологиялары эл аралык колдонууда

Таш-Көмүрдөгү мурдагы “Кристалл” заводунда топтолгон экологиялык зыянды жоюу үчүн россиялык экологиялык технологиялар колдонулат. Бул долбоор эки өлкөнүн ортосундагы өнүгүп келе жаткан экологиялык кызматташтыктын натыйжаларынын бири. Технологиялык чечимдер “Росатомдун” буга чейинки татаал өнөр жай объектилери менен иштөө тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыккан. Мындай тажрыйбалардын ичинде - “Усольехимпром” жана “Байкал целлюлоза-

ИИМ Кырчынга каттаган жарандардын жол жүрүүсүн жеңилдетүүдө

ИИМ Кырчынга каттаган жарандардын жол жүрүүсүн жеңилдетүүдө

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосуна каттаган жарандар үчүн атайын автобустар бөлүндү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын каттамдар жарандардын иш-чара өтүп жаткан аймакка коопсуз жана ыңгайлуу жетүүсүн камсыз кылуу максатында уюштурулган. Автобустар Кырчын жайлоосуна барууну жеңилдетип, оюндарга келген жарандарга транспорттук жактан