Кыргызстан 5 жылда 131 тонна, 2025-жылдын 9 айында 17 тонна алтын өндүрдү

Кыргызстан 5 жылда 131 тонна, 2025-жылдын 9 айында 17 тонна алтын өндүрдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Кыргыз геологиялык кызматынын директору  Марат Жусупбеков акыркы 5 жылда Кыргызстанда 131 тонна алтын өндүрүлсө, анын 17 тоннасы 2025-жылдын 9 айында өндүрүлгөнүн билдирди. 

Анын айтымында, бул көлөмдүн 6 тоннасы Кумтөргө таандык. Бирок, атамекендик кайра иштетүү болбогондуктан толлингдик макулдашуу алкагында курамында алтын бар концентрат сыртка экпорттолуп, кайра Кыргызстанга кайра иштетүү боюнча даяр продукция түрүндө кайтып келет. 

2025-жылдын 25-сентябрына карата курамында 5 тонна алтын, 7 тонна күмүш, 6000 тонна жез бар 95 тонна кургак концентрат өндүрүлгөн. 

Мындан сырткары, Жусупбеков 2025-жылдын 1-январында мамлекеттик балансында эске алынган жана геологиялык чалгындоо стадиясында турган 1000 тоннадай алтын кору бар экенин билдирген.

2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик баланста төмөнкү кен өндүрүү көлөмү катталган: 
 алтын – 5,8 тонна;
алтын аралашкан кум – 57 кг;
 күмүш – 3500 тонна;
жез – 6500 тонна;
көмүр – 4,5 млн тонна;
коргошун – 101 000 тонна;
цинк – 112 000 тонна.  
  • Министрдин орун басарынын билдиришинче, мындан сырткары инвеситициялык активдүүлүк алкагында 2025-жылы 40 кен казып алуу объектиси боюнча аукцияон өткөрүү пландалып, учурда анын 26сы ийгиликтүү жүргүзүлгөн. Бул өлкө казынасын 1,6 млн сомго толтурууга шарт түзгөн.     

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Сабактар 25-июндан 15-сентябрга чейин Ататүрк атындагы сейил бакта өтөт. Аларды спорт инструкторлору өткөрүп, балдар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда катышат. Маалыматка ылайык, күн сайын иппотерапия сабактарына орточо 10–15 бала

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жаранга доо коюлду

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жаранга доо коюлду

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулоого каршы өткөрүлгөн кезектеги рейдде балык уулоо эрежелерин бузган үч жаран аныкталды. Алардын биринде мыйзамсыз кармалган 16 кара балык болгон. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жаратылышка келген зыяндын ордун толтуруу үчүн жаранга 8 080 сом өлчөмүндө доо коюлду. Эсептөөгө ылайык,

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, аукционго жалпы 106 лот коюлат. Ачык аукцион 24-сентябрда саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дарегинде өткөрүлөт. Аукционго катышуу үчүн арызды Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына берүү

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрге жүктөлгөн эмгектик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялаган. Чечим “Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын жана Эмгек кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл