Кыргызстандан биринчи жолу Японияга 1,6 тонна ашкабак үрөнү экспорттолду

Кыргызстандан биринчи жолу Японияга 1,6 тонна ашкабак үрөнү экспорттолду

Кыргызстан СССРден бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болгону биринчи жолу Японияга 1,6 тонна ашкабак үрөнүн экспорттогону Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада айтылды.

 Ал иш чарада Кыргызстандан Россияга 40 тонна беденин үрөнү экспорттолуп, быйыл биринчи жолу Жайыл районунда помидордун түшүмдүүлүгү гектарынан 120 тоннага жетип, дүйнөлүк рекордго чыкканы да баса белгиленди.  
Андан сырткары, быйыл 362 миң центнер күрүч,  9,4 млн центнер картошка, 623 миң центнер буурчак, 2,8 млн центнер мөмө-жемиш жыйналганы да айтылды. Ошондой эле быйыл жалпы 585 миң гектар жерге дан эгиндери айдалганы маалым болду.  

 Иш чарада, айтылгандай 2025-жылдын сегиз айында агроөнөр жай комплексинин дүң продукциясынын көлөмү 252,5 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2,4%га көбөйгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Министр Кулубаев 6-ноябрда Астанадагы саммитке катышат

Экономика министри ЮНИДО менен кызматташуунун 3 негизги багытын атады

Салык кызматы 2026-жылдын 5-ноябрына карата 426,87 млрд сом чогултту

Улан Ниязбеков Казакстанда ИИМдин Башкаруу академиясына барды

Экологиялык рейд жүргүзүлүп, Токмоктогу беш айдоочуга 53 миң сом айып пул салынды