Тоолуу аймактарда ишкердикти колдоо боюнча жаңы долбоор ишке кирет

Тоолуу аймактарда ишкердикти колдоо боюнча жаңы долбоор ишке кирет

Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев жана Тоо өнөктөштүгүнүн Катчылыгынын программалык координатору Жоржио Груссо менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жолугушууда "Тоо өнөктөштүгүнүн алкагында тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн колдоо" деген жаңы долбоорду ишке ашыруу талкууланды.

Жоржио Груссо белгилегендей, Италия Өкмөтү быйыл тоолуу аймактардагы чакан өндүрүүчүлөргө жана кол өнөрчүлүк кооперативдерине грант бөлүү чечимин кабыл алган. Долбоордун алкагында фермерлерге жана кол өнөрчүлөргө гранттар, техникалык жардам көрсөтүлүп, бизнес-инкубатор жана акселератор түзүлөт. Ошондой эле белгилүү дизайнерлер менен жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн кызматташтыгы каралууда.

Динара Кемелова катышуучуларды тандоодо ачык-айкындык жана калыстыкты камсыз кылууну, айрыкча аялдар жана жергиликтүү жамааттар жашаган алыскы аймактарды артыкчылык менен колдоону баса белгиледи.

Олег Гучгельдиев долбоор туруктуу ишкердикти өнүктүрүп, тоолуу жамааттарда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө негиз болорун билдирди.

Катышуучулар эл аралык инвестицияларды тартуу жана демилгелерди кеңейтүүнү талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек –Кант унаа жолуна барып, жолдун учурдагы абалы жана транспорт агымы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрге тиешелүү кызматтар тарабынан маалымат берилип, жол кыймылынын коопсуздугун

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

24-июндан тарта Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук жол түйүнүн жана көпүрөнү куруу иштеринин экинчи этабынын алкагында аталган кесилиш унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун биринчи этабында Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин Бакаев көчөсүн улап ачуу

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ош шаарында коомдук транспорттун каттамдык багыттарын кайра кароо боюнча комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев төрагалык кылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жыйында шаар чоңоюп, калктын саны көбөйүп жатканы айтылды. Жаңы конуштар, жаңы көчөлөр пайда болду, жолдор өзгөрдү. Борбордук базар жаңы

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан шаар четиндеги жана шаар аралык автобус каттамдарында “Бакай Банк” ЖАКтын QR-коддору аркылуу накталай эмес жол кире төлөө системасы пилоттук режимде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда жаңы төлөм системасын этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында программалык камсыздоо,