Кыргызстан өзүн өзү азыктык буудай менен 25% камсыздайт

Кыргызстан өзүн өзү азыктык буудай менен 25% камсыздайт

Кыргызстан буудай менен ички рынокту 20-25%га жабарын, калган керектөө көлөмү импорттун эсебинен жабыларын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүм башчысы Уран Чекирбаев радиоэфирден билдирди. 

Анын айтымында, советтик доордо өлкө өзүн өзү 60-80% менен камсыз кылып келген болсо, азыр буудай импорту 80%га жеткен. “Азыр дан эгиндеринин башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө салыштырмалуу кирешеси аз. Биз фермерлерди колдоого аракет кылып жатабыз. Бирок бизде мал жана канатуулар чарбачылыгы жакшы өнүккөндүктөн көпчүлүк буудай эгилген талаалар азыр тоют өсүмдүктөрү – арпа, беде айдоо үчүн колдонулуп жатат”,-дейт ал. 

Буга улай ал Кыргызстан буудайы клейковинасы жана катуулугу боюнча Казакстан, Россияныкына жетпей турганын айтат. “Сатып алуучулар так ушуга маани беришет. Ошондуктан үрөнчүлүктү өнүктүрүп, азыктык буудайды сатып алуу механизмдерин жакшыртышыбыз керек”, дейт ал. 

Мындан тышкары окуңуз

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

24-июндан тарта Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук жол түйүнүн жана көпүрөнү куруу иштеринин экинчи этабынын алкагында аталган кесилиш унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун биринчи этабында Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин Бакаев көчөсүн улап ачуу

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ош шаарында коомдук транспорттун каттамдык багыттарын кайра кароо боюнча комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев төрагалык кылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жыйында шаар чоңоюп, калктын саны көбөйүп жатканы айтылды. Жаңы конуштар, жаңы көчөлөр пайда болду, жолдор өзгөрдү. Борбордук базар жаңы

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан шаар четиндеги жана шаар аралык автобус каттамдарында “Бакай Банк” ЖАКтын QR-коддору аркылуу накталай эмес жол кире төлөө системасы пилоттук режимде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда жаңы төлөм системасын этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында программалык камсыздоо,

Бишкекте пилоттук негизде жаңы жол чырактар иштей баштады

Бишкекте пилоттук негизде жаңы жол чырактар иштей баштады

20-июнда жол тыгынын азайтуу жана транспорт агымын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Чүй проспекти менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде жаңы жол чырактар орнотулуп, пилоттук негизде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында жаңы жол чырак объектилеринин иштөө алгоритми, унаа агымына тийгизген таасири жана белгилүү бир убакыт