ЭТТК, ЭЭФ, ККМ кандай учурда, кантип колдонулат?

ЭТТК, ЭЭФ, ККМ кандай учурда, кантип колдонулат?

 Мамлекеттик салык кызматы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК), электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) жана контролдук-кассалык машинаны (ККМ) кимдер, кандай учурда колдонорун түшүндүрдү. 

ЭТТК

Кыргыз Республикасынын аймагында мунай жана мунай заттарын, алкоголдук жана тамеки продукцияларын, ал эми 2027-жылдан тартып дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сата турган салык төлөөчүлөр ЭТТКны колдонууга милдеттүү болуп саналат. Бул талап салык салуу системасына карабастан бардык субъекттерге тиешелүү.

ЭЭФ

Дагы бир маанилүү электрондук документ — бул электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ). Сатуучу товарларды сатууда же кызмат көрсөтүүдө аны атайын электрондук система аркылуу онлайн түрдө түзөт. Ал эми сатып алуучу аны белгиленген мөөнөттө онлайн тастыкташы керек. ЭЭФ — бул товарлар жөнөтүлгөнүн же кызмат көрсөтүлгөнүн жана алардын баасын тастыктаган документ.

ККМ

Контролдук-кассалык машина төлөмдөрдү контролдоо жана фискалдаштыруу үчүн колдонулат. Ал бардык соода операцияларын каттап, сатып алуучуга чек берет жана маалыматтарды автоматтык түрдө Салык кызматына жөнөтөт. Патенттин негизинде же атайын режимдеги соода аймагында соода ишин жургүзгөндөргө ККМди колдонуунун кереги жок.

Өз кезегинде бирдиктүү салыктын негизинде иштеген ишкерлер товарларды же кызматтарды сатууда контролдук-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500