Салык кызматы ишкерлер менен ЕАЭБ алкагында экспортту талкуулады

Салык кызматы ишкерлер менен ЕАЭБ алкагында экспортту талкуулады

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков экспорттоочулар жана кайра экспорттоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Иш-чаранын максаты — ЕАЭБ алкагында товарларды экспорттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана ишкерлерди колдоо. Катышуучуларга чек арадан өтүү, коштомо документтерди даярдоо, шайкештик сертификаттарын алуу жана электрондук эсеп-фактуралар боюнча практикалык сунуштар берилди.

Жолугушууга Экономика жана коммерция министрлиги, Бажы кызматы, Соода-өнөр жай палатасы жана «Кыргыз Экспорт» борборунун өкүлдөрү катышып, экспорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын айтышты.

Кубанычбек Ысабеков ишкерлерге: «ЕАЭБ алкагында бизнес жүргүзүүнүн мыйзамдуу жана ачык-айкын шарттарын камсыздоо — улуттук экономиканын кызыкчылыгы», — деп белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 90 380 жаңы "Алиппе" таратылат

Кыргызстанда 90 380 жаңы "Алиппе" таратылат

1 -класстарга Алиппе окуу китеби басылып чыкканын Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган министрликтин жана Окуу китеби мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү даярдалган Алиппе окуу китептерин кабыл алышты. Окуу китептери “Учкун” басмаканасында басылып чыгып, мектептерде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн атайын каралган. Жалпы 90 миң 380 нускада Алиппе өлкөнүн бардык аймактарындагы

2025-жылы Кыргызстанда 1545 км жол оңдолуп, курулган

2025-жылы Кыргызстанда 1545 км жол оңдолуп, курулган

17-апрелде Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылда аткарган иштери жана 2026-жылга карата аткарылуучу иш пландары каралган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, отурумда алгач министрликтин жалпы ишмердүүлүгү, өлкө

Бакудагы Алят портунда миңдеген жүк ташуучу унаалар топтолуп турат

Бакудагы Алят портунда миңдеген жүк ташуучу унаалар топтолуп турат

Бакудагы Алят эл аралык портунда Борбор Азияга жүк тартып келаткан миңдеген фура жыла албай турганы эл аралык маалымат булактары жарыялады. Жакынкы Чыгышта согуштан улам Иран кошуна өлкөлөрү менен чек араларын жапкан. Ошол себептен Азербайжан-Түркмөнстан паром маршруту аймакка Түркия жана Европадан товар ташуунун жападан жалгыз жолу болуп калган. Тажикстандык айрым ишкерлер

Бишкекте жол тыгындарын азайтуу үчүн кыска автобус маршруттары киргизилет

Бишкекте жол тыгындарын азайтуу үчүн кыска автобус маршруттары киргизилет

Бишкек шаарында жаңы кыска автобус маршруттары киргизилип, жүргүнчүлөргө айрым учурда бир нече транспортко отуруп барууга туура келерин шаар мэри Айбек Джунушалиев билдирди. Анын айтымында, мурда шаардагы тыгындарды жана экологиялык көйгөйлөрдү азайтуу максатында 4 миңге жакын микроавтобус каттамдан алынган. Учурда Бишкекте 1200гө жакын электробус жана газ менен жүргөн автобустар иштеп жатат.