Экономика министрлигинде коррупциянын алдын алуу чаралары талкууланды

Экономика министрлигинде коррупциянын алдын алуу чаралары талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинин Пресс-борборунда мамлекеттик сектордогу коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин талкуулаган “Коррупцияга каршы саясат” семинары болуп өттү.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, семинарды министрликтин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Назгүл Сыдыгалиева өткөрдү. Иш-чаранын максаты — мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашырууда адистердин кесиптик компетенциясын жогорулатуу.

Катышуучулар улуттук коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана баалоо, ички контролдоо системасынын негизги элементтери, кызматтык этиканын бузулушун алдын алуу жана кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салуу механизмдери боюнча практикалык көндүмдөрдү алды.

Семинарда ошондой эле өлкөнүн коррупцияны кабылдоо индекси, калктын министрликке болгон ишеним динамикасы жана коңшу өлкөлөрдүн коррупцияга каршы механизмдери салыштырылды.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу