Кытай товарлары эмнеге Германияга көп импорттоло баштады?

Кытай товарлары эмнеге Германияга көп импорттоло баштады?

Былтыр АКШ 2016-жылдан 2023-жылга чейин Германиянын негизги соода өнөктөшү болгон Кытайды сүрүп чыгарган. Бирок январь айынан тарта Дональд Трамптын тарифтик саясатынан улам АКШга немец товарларынын экспорту азайган. 

Кытай менен болгон соодалык согуштан улам Кытай компаниялары товарларынын көбүн немис рыногуна былтыркы жылдагы баадан төмөнүрөөк баа менен жөнөтүп жатышат. Немистик экономика институтунун эксперттери бул демпинг “тураалуу ойду жаратып”, Евробиримдикти “атаандаштыктын таза шартын” кайтаруу үчүн компенсациялык бажы салыгын колдонууга чакырат деп белгилешет. 

Немистик экономика институтунун докладына ылайык, Кытай импортунун өсүшүнөн Германиянын автомобиль өнөр жайы жапа чеккен. Жылдын биринчи жарымында Кытайдын Германияга болгон гибриддик автоунаалар импорту 130%дан жогору өскөн. 
Эске салсак Ак үй 2-апрелде импортко карата жаңы бажы салыгы системасын киргизген. Анын бардык импорттук товарларга базалык ставкасы 10%ды түзсө, Кытайга 34%, Вьетнамга 46% жана Евробиримдикке 20% болгон.  

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media