ӨКМ ишмердүүлүгүндөгү финансылык бузуулар аныктады

ӨКМ ишмердүүлүгүндөгү финансылык бузуулар аныктады

Бүгүн Эсептөө палатасынын Кеңеши 2023–2024-жылдар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жана анын карамагындагы түзүмдөрдө бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарын карады.

Эсептөө палатасынын басма сөз кызматынан кабарлагандай, аудит учурунда жалпы 210,8 млн сом өлчөмүндө финансылык мүнөздөгү бузуулар катталган. Анын 156,8 млн сом калыбына келтирүүгө тийиш сумма катары көрсөтүлүп, 66,0 млн сому аудит маалында кайра өндүрүлдү.

Билдирүүгө караганда, Гидрометеорология кызматында катталган жалпы 157 бирдик жер тилкесинин ичинен 21 тилкенин мамлекеттик актысы жок экени аныкталды. Токой чарбаларында эсептелген чыгымдар жана жоготуулар өз убагында өндүрүлбөгөн. Жалпы 96,1 млн сомдук сумма ижарачылар тарабынан республикалык бюджетке толук түшүрүлө элек.  

ERIC долбоору (жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу) 2023-жылы бекитилген бюджетти толук өздөштүргөн эмес — аткарылышы 13,7%ды түзгөн. COVID-19 ыкчам долбоорунун бүткөрүлүшү пландалган мөөнөттөн 2 жылга жакын узарып, 2024-жылдын октябрында аяктаган. Айрым каражаттар ыкчам чара көрүү максаттарына түз байланышы жок багыттарга бөлүнгөнү белгиленди. ӨКМге караштуу төрт түзүмдө 2023–2024-жылдары 1,9 млрд сомдон ашык капиталдык салымдар пайдаланылган. Аудиттин жүрүшүндө алардын ичинен 6,8 млн сомдук мүнөздүү бузуулар аныкталды.

Эсептөө палатасы министрлик системасындагы бюджеттик тартипти, долбоордук башкарууну жана ички көзөмөл механизмдерин жакшыртууга багытталган бир катар сунуштарды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз