Токмоктогу жылына 10 миң дөңгөлөктү кайра иштетүүчү завод лицензи алды

Токмоктогу жылына 10 миң дөңгөлөктү кайра иштетүүчү завод лицензи алды

“Кумтөр Голд Компани” ЖЧКсынын Токмоктогу дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү филиалы калдыктарды утилдештирүү укугуна лицензия алганын компаниядан билдиришти. 

Баса белгилегендей, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан берилген лицензия ишканага автоунаа дөңгөлөктөрүн утилдештирүү боюнча акылуу кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт. Бул экологияга оң таасирин тийгизет.

Завод жылына ар кандай типтеги жана көлөмдөгү 10 миң дөңгөлөктү майда желим бөлүкчөлөргө майдалап, кайра иштеп чыга алат. Бул материал желим плиткаларды, килемдерди, балдар жана спорт аянтчаларынын монолиттик травмалык жактан коопсуз жабууларды чыгаруу үчүн сырье болот. 

Бул өз кезегинде өлкөнү уулуу желим калдыктардан тазалоого масштабдуу салым. Эски дөңгөлөктөр эми таштандыларда жылдар бою жатып айлананы булгабайт.

Ишканага утилизация кылуу үчүн оор карьердик, курулуштук жана айыл чарбалык техникалардын ири габариттүү дөңгөлөктөрүн да тапшырса болот. Мындай кызмат өнөр жай ишканаларына, тоо кен жана транспорт компанияларына жаратылышты коргоого салым кошуп, топтолгон ишкана калдыктары үчүн төлөнүүчү акча төлөмүн үнөмдөйт.   

Мындан сырткары, заводдо автоунаалардын дөңгөлөктөрүн калыбына келтирүү цехи да иштейт. Учурда  кайра калыптандырылган ири габариттүү дөңгөлөктөр Caterpillar 789С самосвалдарына салынып “Кумтөр” алтын кенинде сыноодон өтүп жатат.  

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media