Жеңилдетилген насыя менен үнөмдүү жылытууга өтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

Жеңилдетилген насыя менен үнөмдүү жылытууга өтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

Өкмөттун «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында  Финансы министрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан Ленин районунун Новопавловка айылында таза жана үнөмдүү жылытуу системаларына өтүү боюнча жеңилдетилген насыялоо мүмкүнчүлүктөрүнө арналган маалыматтык жолугушуу уюштурулду.

Жолугушууда адистер жылуулук насосторунун иштөө принциптери, алардын экологиялуулугу жана экономикалык артыкчылыктары тууралуу толук маалымат беришти. Ошондой эле катышуучуларга 1 000 000 сомго чейин берилүүчү жеңилдетилген насыя боюнча маалымат сунушталып, насыянын шарттары, талаптары жана алуу тартиби жөнүндө Социалдык жана экологиялык маселелер боюнча адис Таалай Асылбеков түшүндүрмө берди. Адистин айтымында бул колдоо үй-бүлөлөргө заманбап жылытуу системаларын орнотууга шарт түзмөкчү.

Мындан сырткары жылуулук насостору боюнча эксперт Гүлзия Кадырбек жабдуулардын иштөө мөөнөтү, техникалык артыкчылыктары жана жылуулук насосторунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде жолугушууга келген жергиликтүү тургундар жылуулук насосторунун тейлөө чыгымдары, орнотуу үчүн коюлган талаптар, ошондой эле жеңилдетилген насыяны алуу тартиби боюнча суроолорго жооп алышты.

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Казакстанда тарыхта биринчи жолу Курултайга депутаттар шайланууда

Бүгүн, 23-августта, Казакстанда тарыхта биринчи жолу жаңы бир палаталуу парламент — Курултайдын депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Ал буга чейинки эки палаталуу парламенттин ордуна түзүлгөн.  Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өтөт. Жаңы Курултай 145 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул жолку шайлоого жети

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз