Бишкек мэриясынын кассалык чыгашаларында айырма чыкты

Бишкек мэриясынын кассалык чыгашаларында айырма чыкты

Эсептөө палатасынын аудити 2023-жылы Бишкектин кассалык чыгашалары 22 млрд 689 млн сомду түзөрүн, бирок, отчеттун долбоорунда ал сумма 23 млрд 476 млн сом деп көрсөтүлүп, 1,27 млрд сомго көп болгонун аныктаган. 

Ошол себептен 483,3 млн сом ашыкча чыгымдын ордуна отчетто 787 млн сом жеткиликсиз финансылоо болуп көрсөтүлүп калган. 

Муниципалдык мекемелердин дебитордук карызы 661,7 млн сомго өсүп, 2024-жылдын 1-январында 2 млрд 463,2 млн сомго жеткен. Бул сумманын 95%ы ири муниципалдык мекемелерге таандык:

- “Бишкекасфальтсервис” (1 млрд 820,9 млн сом);

- “Бишкексвет” (206,7 млн сом);

- “Тазалык” (110,5 млн сом);

- “Бишкексуучарба” муниципалдык мекемеси  (94,3 млн сом);

- “Бишкекжашылдандыруу чарбасы” ММ (97,3 млн сом);

- “Бишкекшаардыклифт” ММ (10,6 млн сом).

2024-жылдын 1-январына карата мэриянын насыялык карызы 347,5 млн сомду түзүп, анын ичинен: 

- субсидиялар — 122,2 млн сом,

- имараттар жана курулуш объектилери  — 125,6 млн сом,

- ички карыз — 35,7 млн сом.

Мындан сырткары, Транспорт департаменти өзүнүн отчетунда республикалык бюджеттен трансферт катары алган 4 млрд 513,7 млн активди көрсөткөн эмес. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз

Бишкектин айрым жерлеринде эки күнгө ысык суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде эки күнгө ысык суу өчүрүлөт

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоонун алкагында жылуулук тармактарын кайра туташтыруу иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу 2026-жылдын 23-августунда саат 07:00дөн 24-август саат 19:00гө чейин айрым абоненттерге ысык суу берүү токтотулат. Ысык суу төмөнкү даректерде убактылуу өчүрүлөт: * Панфилов көчөсү: 188/2,