Кыргызстанда жыл башынан бери бензиндин баасы 17,03 %, ал эми дизель майы 13,04% өстү

Кыргызстанда жыл башынан бери бензиндин баасы 17,03 %, ал эми дизель майы 13,04% өстү

Кыргызстанда инфляциянын  деңгээли 2025-жылдын башталышынан тартып 7,3 пайызды, жылдык мааниде 8,9 пайызды түздү. Бул тууралуу КРУБ төрагасынын орун басары Азат Козубеков бүгүн басма сөз жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында инфляция тышкы таасирлердин айынан жогору деңгээлде болуп жатат. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында инфляция Улуттук банктын максаттуу 5-7% денгээлинде сакталып турган. Бирок жай айларынан баштап тышкы чөйрөдөгү факторлордун кесепетинен инфляциянын тездеши байкалды.

“Кыргызстанда көбүнчө товарлар импорттолуп келгендигине байланыштуу тышкы тобокелдиктер тез арада эле ички рынокко таасирин берди. Азыркы учурда тышкы чөйрөдө дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда товардардын баасынын кескин өсүшү байкалууда. Ошондой эле кошуна мамлекеттерде да инфляция жогору бойдон калууда. 25-жылдын октябрь айын карасак, инфляциянын деңгээли Россия Федерациясында 7,07%; Казакстанда 12,06%, ал эми Өзбекстанда 7.08% түзгөн. Бул мамлекеттерден импорттолгон продукциялардын баалары жогору болгонуна байланыштуу Кыргызстанга да таасирин берүүдө.”- деп билдирди Козубеков.

Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын айтымына караганда, инфляциянын өсүшүнө байланыштуу күйүүчү майлоочу майлардын наркы кескин кымбаттап кетти. Тагыраагы жыл башынан бери бензиндин баасы 17,03 %, ал эми дизель майы 13,04% өскөн. Ал эми азык-түлүккө болгон баалар 7,06 % жогорулады.

 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек ЖЭБинин каналынын жээги жаңы эс алуу аймагына айланат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин технологиялык каналынын боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы райондордун жашоочулары үчүн заманбап эс алуу жана сейилдөөчү мейкиндик түзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, Чокан Валиханов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки болжол менен 1 чакырымдык тилкеде коргоочу тосмолор жана тышкы жарыктандыруу үчүн мамылар орнотулуп,

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Садыр Жапаров "Бишкек Аренадагы" даярдык иштерин көрүп чыкты

Президент Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин көрүп чыкты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, анын аймагындагы негизги объектилер жана комплекстин коомдук зоналарынын бири болгон соода борбору менен таанышты. Даярдык иштеринин алкагында ачылыш аземин уюштуруу,

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

ДКО-2026: Кырчынга конокторду 300 кичи автобус акысыз ташыйт

Бишкектеги ДЕПО-2нин аймагында шаар мэри Айбек Джунушалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна тартылуучу кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарын жана конокторду Кырчын жайлоосуна акысыз

Бишкектин айрым жерлеринде эки күнгө ысык суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде эки күнгө ысык суу өчүрүлөт

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоонун алкагында жылуулук тармактарын кайра туташтыруу иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу 2026-жылдын 23-августунда саат 07:00дөн 24-август саат 19:00гө чейин айрым абоненттерге ысык суу берүү токтотулат. Ысык суу төмөнкү даректерде убактылуу өчүрүлөт: * Панфилов көчөсү: 188/2,