Кыргызстан 2026-жылга 15 миң электромобиль алып кирүүгө квота алды

Кыргызстан 2026-жылга 15 миң электромобиль алып кирүүгө квота алды

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга 2026-жылы 15 миң электромобиль импорттоого квота берилгенин Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Квота республика моторлуу электр кыймылдаткычы бар гибрид жана электр унааларын импорттоо боюнча колдонулуп жаткан тарифтик жеңилдиктердин көлөмүн толук өздөштүргөндүгүнө байланыштуу көбөйтүлдү. Чечим учурдагы жеңилдиктерди узартууну жана квотаны 15 миң бирдикке чейин кеңейтүүнү карайт. Документ Москвада өткөн Евразиляк өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында кол коюлду.

Мындан тышкары, жыйында ЕАЭБ алкагында экономикалык процесстерди мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар чечимдер жана буйруктар кабыл алынды. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

— бажы көзөмөлүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында "Кызматташтыкты өнүктүрүү жана тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу ыкмаларын унификациялоо" механизминин иш-чаралары боюнча буйрук;

— "Евразия экономикалык жолу" механизминин иш-чаралар планы боюнча буйрук (бажы инфраструктурасынын техникалык жабдылышын модернизациялоо бөлүгүндө, анын ичинде маалыматтык системалар, салсак-тыш өлчөм көзөмөл жабдуулары жана инспекциялык-текшерүү комплекстери);

— интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун 9.1.1-пунктунун аткарылышы боюнча буйрук;

— ЕАЭБде электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча "жол картасынын" аткарылышы тууралуу буйрук;

— товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркировкалоо системасын мындан ары өнүктүрүү жөнүндө буйрук;

— Кытайдан алып келинген графиттелген электроддорго карата мурда кабыл алынган антидемпингдик бажы төлөмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечим.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media
"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган. ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет.

Ишкер Media
Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

2-октябрда Бишкек шаарында эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган "Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, конференцияга мэр Айбек Джунушалиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, академик

Ишкер Media
Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 1-2-октябрда Беларуска болгон жумуш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында соода-экономикалык кызматташтык боюнча ондон ашык маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду. Отурумдарга ЕАЭБге мүчө Армения, Беларусь, Казакстан,

Ишкер Media