Тигүүчүлөр маселеси боюнча иштөөчү мамлекеттик штаб түзүлдү

Тигүүчүлөр маселеси боюнча иштөөчү мамлекеттик штаб түзүлдү

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев телеканалдарга берген маегинде Россияга товар жөнөткөн тигүүчүлөрдүн маселеси боюнча атайын штаб түзүлгөнүн билдирди.

"Текшерүү күчөтүлгөндүктөн Казакстан менен Россиянын чек арасында унаалар топтолуп калган учурлар бар. Андай жерлерге Экономика министрлигинен делегация жөнөтүлүп, чек арадагы абалды көрүп келишти. Ошондой эле министрликте штаб түзүлүп, ар бир фактыны бизге жеткирип жатышат. Биз россиялыктар менен байланышып, маселени чечип жатабыз", - деди Касымалиев.

Ал бирдиктүү оператор түзүү каралып жатканын, ал аркылуу бизден барган товарларды өткөрүү жеңил болорун белгиледи. Мындан тышкары, Ozon менен Wildberries маркетплейстеринде кошумча нарк салыгы киргизилгенин айтты.

"Акчаны ким төлөйт деген маселе болгон. Маркетплейстер салык агенти болууга даяр. Каражатты өздөрү төлөп, товарды сатып алгандарга суммасы кошулуп берилет. Бул маселе Ozonдо чечилди, ал эми Wildberries`те эми чечилет", - деди өкмөт башчысы.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү