Ош шаарынын жолдорун оңдоого 15,39 млн доллар кредит жана грант тартылат

Ош шаарынын жолдорун оңдоого 15,39 млн доллар кредит жана грант тартылат

"Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу" долбоорунун жалпы наркы 19,3 млн долларды түзөт. Анын ичинен 15,39 млн доллар Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан кредит жана грант түрүндө каржыланат, ал эми 3,9 млн доллар республикалык бюджеттен кошкаржылоо катары бөлүнөт.

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди.

Анын айтымында, долбоор Бабараимова жана Шамшат көчөлөрүн реконструкциялоону камтыйт. Бул көчөлөрдүн жалпы узундугу 3,2 км болуп, алар төрт тилкеге чейин кеңейтилет, ошондой эле эки ири жол өтмөгү (путепровод) курулат.

"Бул көпүрөлөрдүн биринчиси Масалиев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишине туташат. Экинчиси болсо Акбугур тоолорунун ары жагында жайгашкан эски базарга, Бишкек–Ош унаа жолунан Ош шаарынын борборунун батыш бөлүгүнө тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылат", — деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, долбоор ишке ашырылгандан кийин Ош шаарындагы негизги автомагистралдарга болгон жүк 50%га чейин азаят, жолдо жүрүүгө кеткен убакыт кыйла кыскарат жана шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуулук жогорулайт.

"Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси 2025-жылы “Ош шаардык жолдору” муниципалдык ишканасы тарабынан учурдагы стандарттарга жана эл аралык тажрыйбага ылайык иштелип чыккан. Долбоорду ишке ашыруу жана аткаруу мөөнөтү 2026–2028-жылдарга пландалган. Долбоордун жалпы наркы 19,3 млн долларды түзөт.
Анын ичинен 15,39 млн доллар Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан кредит жана грант түрүндө берилет, ал эми 3,9 млн доллар республикалык бюджеттен каржыланат. Кредит 15 жылдык мөөнөткө берилет, жеңилдетилген мөөнөт — 5 жыл, пайыздык чен 1,2%ды  түзөт", — деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө долбоор мамлекеттик ички бардык процедуралардан толук өткөн.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 1-2-октябрда Беларуска болгон жумуш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында соода-экономикалык кызматташтык боюнча ондон ашык маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду. Отурумдарга ЕАЭБге мүчө Армения, Беларусь, Казакстан,

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

2-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегациялары, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүдө негизги басым саламаттык

Ишкер Media
Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Кыргызстандын башкы прокурору Малик Бектурганов Татарстандын Казань шаарында 1-октябрда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун 24-жыйынына катышты. Генпрокуратурадан билдиргендей жыйын үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо, ошондой эле жашы жете электер арасында деструктивдүү контенттин жайылышынын алдын алууга багытталган. Малик Бектурганов Кыргызстандын прокуратура органдарынын балдардын укугун санариптештирүү шарттарында коргоо, жашы жете электердин интернеттен

Ишкер Media
Мугалимдер үчүн 6000  ноутбук

Мугалимдер үчүн 6000 ноутбук

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен мугалимдерге арналган 6000 даана “Алтын Казык” ноутбугун чогултуу иштери аяктады. Азыркы учурда аларды кабыл алуу алдында техникалык талаптарга шайкештигин текшерүү иштери жүрүп жатат. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопаркында чогултулду. Учурда министрликтин атайын кабыл алуу комиссиясы тарабынан ноутбуктардын техникалык мүнөздөмөлөрү,

Ишкер Media