Кадамжайдан келген делегат районду өнүктүрүү боюнча жакшы сунуштарды айтты

Кадамжайдан келген делегат районду өнүктүрүү боюнча жакшы сунуштарды айтты

Баткен облусунун Кадамжай районунан келген делегат Жаркынали Абдирамитов IV Элдик курултайда райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар демилгелерди тизмектеп берди

Тактап айтканда, ал ирригация тармагында активдүү иштер жүрүп жатканын белгилеп, төмөнкү сунуштарды берди:

  • Майдан жана Абсамат Масалиев айыл аймактарындагы 4 миң гектар айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыз кылуу үчүн Исмат Какыр айылында жана башка аймактарда канал курууга каражат бөлүү;
  • 1985-жылы башталган Боз-Кара–Кыштак каналынын курулушун аяктоону 2026-жылга карата иш планга киргизүү;
  • Майдан жана Көк-Талаа айылдарында ашыкча суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында суу топтоочу курулмаларды куруу.

Мындан тышкары, делегат төмөнкү сунуштарды да билдирди:

  • Абсамат Масалиев айыл аймагын жогорку басымдагы магистралдык газ кууру аркылуу газ менен камсыз кылуу;
  • Сурматаш мамлекеттик коругунун макамын мамлекеттик паркка өзгөртүү менен мал жаюуга уруксат берүү жана жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу;
  • Мөмө-жемиштердин түшүмүн өз убагында пайдалануу үчүн кайра иштетүүчү ишкананын курулушун колдоо;
  • Узундугу 117 чакырымды түзгөн Үч-Коргон – Дароот-Коргон автоунаа жолунун курулушун аяктоо. Анын ичинен 67 чакырымы Кадамжай районунун аймагынан өтөт. Бул Баткен облусунун аймактары менен Чоң-Алай өрөөнүнүн ортосунда экономикалык жана социалдык байланыштарды өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат – Папан унаа жолуна үстүбүздөгү жылдын планына ылайык, 5 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралган. Ноокат райондук админстрациясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө белгиленген план толугу менен аткарылып,Мирмахмудов, Көк-Бел айыл өкмөттөрүнө 2 чакырым асфальт төшөлдү. Ал эми Н.Исанов айыл өкмөтүнө 1 чакырым жол оңдолду. Учурда аталган жолдун 22-24-

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

20-августта Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев баштаган делегация Азербайжанга иш сапары менен барып, Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы Инам Имдад оглу Керимов менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда электрондук документ жүгүртүү, сот иштерин каттоо жана бөлүштүрүү, аралыктан сот отурумдарына катышуу маселелери каралып, жеке маалыматтарды коргоо боюнча тажрыйба алмашуу маселеси

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Гара жана Таш-Дөбө айылдарынын тургундары менен жолугушту. Анда жарандык алуу жана тиешелүү документтерди даярдоо маселелери талкууланды. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тургундардын суроо-талаптары эске алынып, кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү дагы бир жумага

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин инспекторлору Бишкектеги "Ак-Кула" жана "Бишкек" автобекеттеринде жүргүнчү ташуучулардын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Текшерүүдө унаалардын техникалык абалы, шиналары, өрт өчүрүүчү шаймандары, ошондой эле айдоочулардын лицензиялары, патенттери жана камсыздандыруу полистери каралды. Мындан тышкары, айдоочулардын медициналык кароодон