Россияда шектүү импортко каршы рынокту тазалоо башталды

Россияда шектүү импортко каршы рынокту тазалоо башталды

Россияда шектүү импортко каршы рынокту тазалоо иштери башталды. Росаккредитация Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдө берилген сертификаттардын аракетин биринчи жолу токтотту. Кыргызстандан импорттолгон оюнчуктардын, балдар кийимдеринин жана бут кийимдеринин сапаты күмөн жаратып жатканын Балдар товарлары индустриясы ишканаларынын ассоциациясынын президенти Антонина Цицулина билдирди.

Анын белгилешинче, жеткирилген товарлар балдарга арналган продукция үчүн коюлган жогорку талаптарга жооп бербейт. Натыйжада, мындай товарлар балдардын ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаратышы, өнөкөт оорулардын күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Жалпысынан алганда, балдар үчүн чыгарылган бардык товарлар кемчиликсиз сапатта болушу зарыл.

"Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, балдар товарларынын болжол менен 65%ы импорттук продукция болуп саналат. Бул бир жашка чейинки ымыркайларга арналган буюмдардан тартып, оюндарга жана оюнчуктарга чейин камтыган абдан кеңири топ. Балдарга арналган бардык товарлар коопсуздук боюнча олуттуу лабораториялык текшерүүдөн өтүшү керек. Бул учурда эч кандай сыноо протоколдору болгон эмес. Мындан ары импорттоочулар Россиянын өзүндө дагы кайрадан изилдөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттендирилиши керек», — деди Антонина Цицулина.

Учурда маалыматтар автоматтык түрдө "Честный знак" маркировкалоо тутумуна түшөт. Эгер сертификат жараксыз деп табылса, товар кассадан өтпөйт жана Россия аймагында сатууга мүмкүн болбой калат. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген импорт ноябрдын аягынан бери өзгөчө көзөмөлдө экенин "Альта-Форум" окуу-бажы борборунун жетекчиси Ольга Анохина тактады.

Федералдык бажы кызматы тарабынан реалдуу сыноолорсуз товарлар тууралуу маалымат түшкөн учурда, Росаккредитация тиешелүү сертификаттарды жана декларацияларды Россия аймагында автоматтык түрдө бөгөттөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат – Папан унаа жолуна үстүбүздөгү жылдын планына ылайык, 5 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралган. Ноокат райондук админстрациясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө белгиленген план толугу менен аткарылып,Мирмахмудов, Көк-Бел айыл өкмөттөрүнө 2 чакырым асфальт төшөлдү. Ал эми Н.Исанов айыл өкмөтүнө 1 чакырым жол оңдолду. Учурда аталган жолдун 22-24-

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

Кыргызстан менен Азербайжан сот тармагында тажрыйба алмашууну күчөтөт

20-августта Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев баштаган делегация Азербайжанга иш сапары менен барып, Азербайжандын Жогорку сотунун төрагасы Инам Имдад оглу Керимов менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда электрондук документ жүгүртүү, сот иштерин каттоо жана бөлүштүрүү, аралыктан сот отурумдарына катышуу маселелери каралып, жеке маалыматтарды коргоо боюнча тажрыйба алмашуу маселеси

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Чоң-Гара жана Таш-Дөбөнүн 1354 тургуну кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырды

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Гара жана Таш-Дөбө айылдарынын тургундары менен жолугушту. Анда жарандык алуу жана тиешелүү документтерди даярдоо маселелери талкууланды. Аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тургундардын суроо-талаптары эске алынып, кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү дагы бир жумага

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жүргүнчү ташуучуларды текшерүүдө 1,7 млн сом айып салынды

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин инспекторлору Бишкектеги "Ак-Кула" жана "Бишкек" автобекеттеринде жүргүнчү ташуучулардын ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Текшерүүдө унаалардын техникалык абалы, шиналары, өрт өчүрүүчү шаймандары, ошондой эле айдоочулардын лицензиялары, патенттери жана камсыздандыруу полистери каралды. Мындан тышкары, айдоочулардын медициналык кароодон