"Торугарт" көзөмөл пунктунан 21,8 тонна Пакистан уй эти өлкөгө киргизилген жок

"Торугарт" көзөмөл пунктунан  21,8 тонна Пакистан уй эти өлкөгө киргизилген жок

Нарын облусундагы "Торугарт" чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунда Пакистандан Кытай аркылуу ташылып келе жаткан 21 миң 800 килограмм уй эти Кыргызстан аймагына киргизилбегенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, жүк чек ара ветеринардык көзөмөл инспекторлору тарабынан текшерилген. Кароо учурунда Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбаганы аныкталган.

Тактап айтканда, коштоочу ветеринардык документтер белгиленген талаптарга жооп берген эмес, ошондой эле этти ташууда ветеринардык-санитардык нормалар бузулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында инспекторлор тиешелүү кайтаруу актыларын түзүшкөн. Жүк "Торугарт" өткөрмө пункту аркылуу кайра артка жөнөтүлдү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Түштүк Корея "акылдуу ферма" багытында кызматташат

Грузияга барууда визалык талаптарды жеңилдетүү демилгеси көтөрүлдү

“Ала-Тоо” базары атайын салык режимине киргизилиши мүмкүн

Кыргызстандыктар 2027-жылды 7 күндүк эс алуу менен тосуп алышат

Айтматов районунда 41 өнөр жай, 44 социалдык объект курулду