АКШ бир күндө Венесуэладан 4 миллиард долларлык мунай алды

АКШ бир күндө Венесуэладан 4 миллиард долларлык мунай алды

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Венесуэладан алынган мунайды сатуу аркылуу миллиарддаган, ал тургай триллиондогон доллар киреше табууну пландап жатканын билдиргенин Fox News телеканалы кабарлады.

"Бул мунайдан түшө турган миллиарддаган доллар жөнүндө сөз болуп жатат, алар убакыттын өтүшү менен жүздөгөн миллиарддарга, андан кийин триллиондорго айланат. Биз Венесуэлада өлкө толук иретке келтирилгенге чейин болобуз", — деди Ак үйдүн башчысы.

Ал ошондой эле АКШ бир күндүн ичинде Венесуэланын жалпы суммасы 4 миллиард доллар болгон мунайын алганын айтып, "бул көрсөткүч мындан ары өсөт" деп убада берди.

Анын айтымында, учурда күйүүчү май 6-январда америкалык күчтөрдүн көзөмөлүнө өткөн Marinera аттуу танкерден түшүрүлүп жатат. АКШ лидери окуядан кийин Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөн-сүйлөшпөгөнү тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартып, бул тууралуу сүйлөгүсү келбей турганын айтты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды

Жеңиш чокусунда калган Наталия: Аварияга учураган тик учактын чыгымы төлөндү