Таласта төө буурчакты кайра иштетүүчү завод курулат

Таласта төө буурчакты кайра иштетүүчү завод курулат

Талас облусунда 1 млрд сомго фасолду кайра иштетүүчү завод куруларын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет Талас облусунда фасоль өндүргөн дыйкандарды колдоо жана продукцияны сатууга көмөк көрсөтүү багытында иш алып барууда.

“Кыргызагрохолдингдин” маалыматына ылайык, өткөн жылы Талас облусунда дыйкандардан фасоль сатып алуу үчүн 100 миллион сом каралган. Натыйжада 1 миллион 700 миң 453 килограмм фасоль килограммы 95 сомдон сатып алынды, — деди Алмасбек Абытов.

Ал ошондой эле фасоль экспорттоо үчүн шарттарды түзүү максатында потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

"Мындан тышкары, президенттин 2025-жылдын ноябрь айында Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө фасоль кабыл алуу пункттарын түзүү жана аны кайра иштетүүчү 1 миллиард сомдук завод куруу боюнча тапшырма берилген", — деп жыйынтыктады Алмасбек Абытов.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16