Тоң районунда туризмден түшкөн салык 18,1 млн сомду түздү
Президент Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тоң районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу анын администрациясынан маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, 2021–2026-жылдары райондогу өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 5,1 эсеге көбөйүп, 691,1 млн сомго жеткен. Бул аралыкта 15 ири жана чакан ишкана ачылып, 101 жумуш орду түзүлгөн.
Райондо туризм тармагы да өнүгүүдө. 2021-жылы аймакка 5 миң 200 турист келсе, 2026-жылы алардын саны 73 миң 18 адамга жеткен. Учурда туристтик багытта 41 объект курулуп, 195 туруктуу жумуш орду түзүлгөн. Мындан тышкары, сезондук жумуш орундарынын саны 5 миңге жетет.
Туризм тармагынан түшкөн салыктык төлөмдөр 2021-жылдагы 2,1 млн сомдон 2025-жылы 9,3 млн сомго чейин өскөн. Ал эми 2026-жылдын тогуз айында бул көрсөткүч 18,1 млн сомду түзгөн.
Ошондой эле райондо 1 үрөнчүлүк жана 5 асыл тукум чарба ачылган. Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун реконструкциялоо иштеринен тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен 60 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Аткарылган иштердин жалпы наркы 516 млн сомду түзгөн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу