Улуттук банк эсептик ченди 11%да калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 11%да калтырды

Улуттук банк башкармалыгы 26-январда эсептик ченди 11% деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды жана ал бүгүн, 27-январдан тартып күчүнө кирет.

Өлкө экономикасында жогору өсүш арымы сакталып турат: 2025-жыл жыйынтыгы боюнча өлкөдө реалдуу ИДӨ 11,1%га өскөн. Экономикалык өсүш, негизинен, курулуш секторунун жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн таасири астында шартталган.

Улуттук банктын акча-кредит саясатынын негизги артыкчылыгы болуп орто мөөнөттүү мезгилде инфляциянын 5-7 пайыздык максаттуу көрсөткүч чегинде калыптанышын камсыз кылуу саналат, ушуга байланыштуу орточо күчөтүлгөн күндөлүк монетардык шарттар сакталып жатат.

Ички экономикада инфляциялык процесстер олуттуу деңгээлде монетардык эмес мүнөздөгү факторлор, анын ичинде план чегинде жөнгө салынуучу тарифтерди корректировкалоо жана жогору ички суроо-талап менен шартталган. Бул факторлор инфляциянын басаңдоосу үчүн туруктуу шарттар калыптанганга чейин учурдагы акча-кредиттик шарттарды колдоо зарылдыгын шарттоодо. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү 11,00% деңгээлинде калтырылды.

Белгиленгендей, Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландык отуруму 2026-жылдын 23-февралында өткөрүлөт

Мындан тышкары окуңуз

Бүгүн Бишкектин басымдуу бөлүгү 1 саатка жарыксыз калды

Бүгүн Бишкектин басымдуу бөлүгү 1 саатка жарыксыз калды

Бүгүн Бишкек шаарында 110 кВ чыңалуудагы электр берүүчү линияларда авариялык өчүрүү катталып, анын кесепетинен борбор калаанын керектөөчүлөрүнүн басымдуу бөлүгү электр жарыксыз калды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, авариядан улам шаардын керектөөчүлөрүнүн болжол менен 70 пайызы электр энергиясы менен камсыздоодон 1 сааттан ашык убакытка ажыраган. Энергетика министрлигинин маалыматка ылайык, «Парковая» – «Ала-Арча» жогорку

Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты

Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Эдуардс Стипрайс менен жолугушуу өткөрдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, экономика, инвестиция, транспорт жана энергетика тармактарындагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бишкектеги “Ala-Too Trade & Industry Expo” көргөзмөсүнө 90дон ашык компания чогулду

Бишкектеги “Ala-Too Trade & Industry Expo” көргөзмөсүнө 90дон ашык компания чогулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери “Ala-Too Trade & Industry Expo” эл аралык соода жана өнөр жай көргөзмөсүнө катышты. Иш-чарага Кыргызстандан, Россиядан, Өзбекстандан, Беларусьтан, Кытайдан жана Тажикстандан 90дон ашык компания катышып, өздөрүнүн өндүрүштүк

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Чолпон-Ата шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV кеңешмесинин алкагында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кытай Эл Республикасынын өнөр жай жана маалыматташтыруу министринин орун басары Синь Гобинь менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык жана өнөр жай кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү,