"Автомаш Радиатор" компаниясы Кыргызстанга 8800 техника алып келген

"Автомаш Радиатор" компаниясы Кыргызстанга 8800 техника алып келген

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкан-фермерлерге жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба техникасын алуу мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу максатында “Автомаш Радиотар” компаниясына пресс-тур уюштурду.  

“Автомаш Радиатор” ЖЧКсы КМШ өлкөлөрүндө жана Борбор Азияда толук цикл менен радиаторлорду жана жылуулук алмаштыргычтарды иштеп чыгуучу жана өндүрүүчү алдыңкы ишканалардын бири. Ишкана автоунаалар, тракторлор, комбайндар, энергетикалык жана атайын техникалар үчүн муздатуу системаларын чыгарат.

Заводдо экологиялык таза Nocolok технологиясы менен алюминий радиаторлор, ошондой эле салттуу ыкмада жез-латун радиаторлор өндүрүлөт. Продукция ISO 9001:2015 жана IATF 16949:2016 эл аралык сапат стандарттарына жооп берет.

 Аталган компаниянын Сатуу жана маркетинг боюнча директору Александр Поповдун айтымында, 2009-жылы Кыргызсанга айыл чарба техникаларын жеткирүү багытында да иш алып бара баштаган. “Биздин компанияда ЕАЭБ аймагында чыгарылган продукциялардын бардык түрү сунушталат. Биз “МТЗ”, “Россельмаш”, “Гомсельмаш” “Минск автоунаа заводу” сыяктуу компаниялардын өнөктөшүбүз. Бул жердеги фермерлерге сунушталган техникалардын баарына биздин ишканада чыгарылган радиаторлор коюлат. Ошол себептен эки тараптуу кызматташуу жакшы жолго коюлган. 2009-жылдан бери Кыргызстан аймагында биз 8 миң дөңгөлөктүү трактор, 350дөй дан жыйноочу комбайн жана 460тай коммуналдык жана атайын техникалар сатылды. Бишкек мэриясы менен да кызматташып, ар жылы жолдорду тазалоочу техникаларды алып келип берип турабыз”,-дейт А.Попов.

 

Аталган компаниядан “Элдик банк” аркылуу жеңилдетилген шартта 6% менен лизингге трактор алып жаткан Талас облусунун Кара Буура районунун тургуну Эрнис Байысбек уулу буларга токтолду. “Мен азыр МТЗ-80 үлгүсүндөгү тракторду 7 жылдык мөөнөт менен лизингге алдым. Мурда баштапкы төлөм 30% болсо, азыр аны мамлекет 10%га түшүрүп фермер, дыйкандарга абдан жакшы жеңилдик болду. Трактордун өзүнүн негизги баасы 2 млн 450 миң сом болду. 6 пайыздык үстөгүн кошкондо 3 миллионго жетпеген сом төгөт экем”,-дейт ал. 

“Автомаш Радиотар” компаниясынын директору Юрий Владимировдун айтымында, бул заводдон чыккан радиаторлордун 90%дан ашыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот. “Биздин радиаторлорду колдонуучулардын ичинде Минск автоунаа заводу, Минск трактор заводдору, “Россельмаш”, “Гомсельмаш” сыяктуу ири компаниялар бар. Ишканабызда азыр 500дөн ашык адам эмгектенет. Жумушчулардын эмнек акылары өз убагында төлөнөт. Орточо маяна бизде 60 миң сомдун тегереги. Жыл сайын ишканабыз өндүрүш көлөмүн 10-15%га жогорулатып келе жатат. Рынокко жаңы продукцияларды сунуштап жатабыз”,-дейт ал. Буга улай ал дүйнөлүк рынокто алюминий, жез кымбаттаганына байланыштуу жарым жылда бир товар баалары өзгөрүп жатканын кошумчалады. Ошондой эле ал бул жерде чыгарылган радиаторлордун 2%ы гана Кыргызстан ичинде каларын билдирди.   

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media