Айып пулдарды төлөбөгөндөргө сыртка чыгууга чектөө киргизилет

Айып пулдарды төлөбөгөндөргө сыртка чыгууга чектөө киргизилет

Сот аткаруу департаменти айып пул, алимент төлөбөгөнү үчүн сот чечими менен Кыргызстандан тышка чыгуусуна уруксат берилбеген жарандарга чет өлкөлөргө чыгуусуна тыюу салынарын билдирди.

Жарандардын өлкөдөн чыгуу укугун убактылуу чектөө бир нече себептер менен коюлушу мүмкүн, ар бир чектөөнүн мазмуну жана аны алып салуу тартиби ар түрдүү.

Мамлекеттик органдар салган айып пулдар мөөнөтүндө төлөнбөсө сот аткаруучу карызкордун өлкөдөн чыгуусун убактылуу чектейт. Бул чектөөнү алып салуу үчүн карызкор жаран аны толук өлчөмүндө төлөөсү тийиш. Төлөмдү мобилдик тиркеме аркылуу 24 саат ичинде төлөөгө болот, карыз толук төлөнгөн соң маалымат автоматтык түрдө жаңыртылып, чектөө алынат.
Алимент, салык, насыя акча жана башка акчалай карызы үчүн соттун чечими менен өлкөдөн чыгышына чектөө коюлат. Бул чектөөлөр карызкор жаран талаптарды толук аткарып, бардык карызын төлөгөндө, өндүрүүчүнүн жазуу түрүндөгү арызынын негизинде, аткаруу өндүрүшү мыйзамда белгиленген тартипте токтотулганда же аяктаганда сот аткаруучунун чечими менен алынат.

Ал эми кандайдыр бир кылмыш ишинин алкагында өлкөдөн сыртка чыгуусу чектелген жарандар үчүн сот аткаруу кызматы жооп бербейт. Чектөөнү алып салуу маселесин аны койгон тиешелүү орган же сот гана чечет.

Сот аткаруу кызматы жарандар карызы бар же жогун тактоо үчүн күнү-түнү иштеген 0503 39 40 44 телефонуна кайрылып же https://suddep.sot.kg/page/debtor сайты аркылуу билсе болорун маалымдады.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын сапары бүгүн башталып, эки күнгө созулат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо объектилерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт. Суу өчүрүлө турган аймактар: • Алыкулов – Костанай – Муром – Садыгалиев – Лев Толстой

Ишкер Media
Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Кече Кара-Көл шаарында энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Электр станциялар” ачык акционердик коомунда кеңешме өткөрдү. Ага компаниянын башкы дирекциясынын өкүлдөрү, филиалдардын директорлору жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Кеңешменин жүрүшүндө “Электр станциялар” ААКсынын башкы директору Улугбек Мамыралиев компаниянын ишмердүүлүгү, негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөр, энергетикалык жабдуулардын учурдагы абалы, оңдоо иштеринин жүрүшү жана 2026–

Ишкер Media
Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

10-октябрда Кочкор темир жол бекетинде алгачкы жолу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын вагондоруна көмүр жүктөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүктөлгөн көмүр Бишкек шаарынын ЖЭБине жөнөтүлөт. Жүктөө иштери Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылындагы көмүр аянтчасында жүрүүдө. Ташуу үчүн жалпы сыйымдуулугу 1 000 тонна болгон

Ишкер Media