Өзгөн районундагы күрүч талаалары, жаңгак токойлорунун топурагы изилденип жатат

Өзгөн районундагы күрүч талаалары, жаңгак токойлорунун топурагы изилденип жатат

Кыргызстанда ExSoil аттуу эл аралык илимий экспедиция башталды. Анын алкагында окумуштуулар Манас районундагы жаңгак-мөмө токойлорунун топурагын жана Өзгөн районундагы күрүч талааларын изилдеп жатышканын Ош технологиялык университети билдирди.

Долбоор Германия өкмөтүнүн колдоосу менен Лейбниц университети жана аймактагы алдыңкы жогорку окуу жайлары менен биргеликте ишке ашырылып жатат. Экспедицияны эл аралык деңгээлдеги окумуштуулар жетектейт.

Экспедициянын алкагында өлкөнүн уникалдуу экосистемалары комплекстүү түрдө изилденүүдө. Тактап айтканда, токой массивдеринин топурагы, анын ичинде дүйнөгө белгилүү жаңгак-мөмө токойлору анализденет. Ошондой эле Өзгөн районундагы күрүч талаалары жана сугат сууларынын гидрохимиялык курамы изилденип жатат. Окумуштуулар дыйканчылыктын топурактын сапатына тийгизген таасирин да баалоодо.

Изилдөөнүн негизги куралдарынын бири — Жерди алыстан зонддоо технологиялары болуп саналат. Алар аймактык деңгээлде топурак катмарындагы өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Долбоордун жыйынтыктары Борбор Азиянын топурак картасын жаңылоого жардам берип, айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы экологиялык саясатты иштеп чыгууга негиз болот деп күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тарабынан коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоо максатында күн сайын рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын максаты белгиленген 17 сом өлчөмүндөгү жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктап, жарандардын жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат. Аталган ишкананы маалыматына караганда, рейддердин жүрүшүндө коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөргө карата тиешелүү

Ишкер Media
Коопсуздук эрежесин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Коопсуздук эрежесин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек башкармалыгы курулуш объектилерин текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, көзөмөл учурунда Көкөн тар көчөсү 25, 23, 21, 19 даректериндеги 9 кабаттуу турак жай жана 7 кабаттуу админ борбордун курулушунда ченемдер жана коопсуздук талаптары сакталбаганы аныкталды. Жыйынтыгында курулушту жүргүзгөн "Байхан Строй"

Ишкер Media
Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды. Алардын 4 миңге жакыны 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирет. Мекеменин маалыматына караганда, сасык тумоо, вирустук инфекция жана коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал азырынча күтүлгөн деңгээлде сакталууда. Учурда

Ишкер Media
Бишкекте 80 млн сомго заманбап терапия корпусу ачылды

Бишкекте 80 млн сомго заманбап терапия корпусу ачылды

7-октябрда №1 шаардык клиникалык ооруканада жаңы терапия бөлүмү ачылды. Корпус "Ас-Сафа" коомдук бирикмесинин каржылоосу менен курулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө караганда, 4 кабаттуу имараттын аянты 1 530 чарчы метр. Долбоордун наркы - 80 млн сом. Жер төлөдө - лабораториялар, кир жуучу жай жана техникалык бөлмөлөр.

Ишкер Media