Кыргызстанда жеңилдетилген насыя алуу үчүн электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргызстанда жеңилдетилген насыя алуу үчүн электрондук кезек системасы ишке кирди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "АБанк" жана "Элдик Банк" ААКлары менен биргеликте жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн электрондук кезек системасы ишке киргизилгенин жарыялады.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде министрлик менен өнөктөш банктардын ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлган. Анын алкагында iDyikan платформасынын негизинде "Фермерлерди жеңилдетилген насыялоо" модулу ишке берилди. Бул платформа министрликке караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан.

Жаңы санариптик кызмат айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • онлайн каттоодон өтүү;
  • жеңилдетилген каржылоого арыз берүү;
  • алыстан кезекке туруу;
  • арыздын абалын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө.

Системаны киргизүү агроөнөр жай комплексин колдоого бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

iDyikan платформасы дыйкандар үчүн мамлекеттик кызматтарды жана каржылык инструменттерди электрондук форматта бириктирген бирдиктүү санариптик терезе катары өнүктүрүлүп жатат. Кийинчерээк iDyikan мобилдик тиркемесин ишке киргизилет. Бул кызматтарга жана каржылоого жетүүнү дагы да ыңгайлуу кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Кант кызылчасын өстүрүүгө гектарына 200 миң сомдой сарпталат

Учурда өлкөдө кант кызылчасы жыйналууда. Бул жылы кант кызылчасы 11,8 миң гектар аянтка айдалып, учурда анын 4,1 миң гектарында түшүм жыйналды. Буга байланыштуу "Ишкер Медиа" түшүм жыйноого кеткен чыгымдарды жана дыйкандар туш болгон кыйынчылыктарды билүү үчүн жеринен кабар алды. Дыйкандардын айтымында, кант кызылчасын өстүрүүдө жерди иштетүүдөн

Ишкер Media
Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media