Башкы прокуратура 91 млн сомдон ашык мыйзамсыз салыкты аныктады

Башкы прокуратура 91 млн сомдон ашык мыйзамсыз салыкты аныктады

Башкы прокуратура 91 млн сомдон ашык суммада мыйзамсыз салык эсептелген фактыларды аныктады. Салык органдарынын кызмат адамдары тарабынан "Б" ЖЧКсына карата жүргүзүлгөн салык текшерүүсүндө мыйзам бузуулар аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө салык мыйзамдарын одоно бузуу фактылары, так эмес маалыматтарды колдонуу, товардык-материалдык калдыктарды аныктоодо кетирилген каталар, ошондой эле кошумча нарк салыгын мыйзамсыз эсептөө фактылары табылган. Натыйжада ишкердик субъектиге негизсиз түрдө 91 млн сомдон ашык салык милдеттенмелери кошумча эсептелген.

Прокурордук чара көрүүнүн негизинде ишкердин бузулган укуктары калыбына келтирилип, мыйзамсыз эсептелген суммалар жокко чыгарылды. Мамлекеттик салык кызматынын төрт кызмат адамына айып пул салуу түрүндө административдик жаза колдонулду.

Прокуратура органдары ишкерлердин укуктарын коргоо, алардын ишине мыйзамсыз кийлигишүүгө жол бербөө жана мыйзамдардын так аткарылышын камсыз кылуу багытында иштерди улантат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Айыл чарбасындагы илимий мекемелерге 179 млн сомдук техника алынды

“Көмүр жагуудан кутулдук”: мамлекеттик жеңилдетилген насыяга жылуулук насосун орноткон үй-бүлөнүн тажрыйбасы

Салык кызматы 10 айда бюджетке 338 млрд сомдон ашык каражат чогултту

Операцияга чейинки 2-пикир: Кыргызстандын бейтаптарына эксперттик нейрохирургия кантип жеткиликтүү болот

Жаратылыш ресурстары министрлиги колдонулган мотор майын күйгүзбөөгө чакырды