ELQR системасын түзүүгө салымын кошкон айрым адистер сыйланды

ELQR системасын түзүүгө салымын кошкон айрым адистер сыйланды

Улуттук банкта банк кызматкеринин күнүнө карата ELQR системасын түзүүгө салымын кошкон айрым кызматкерлерди, банк жана төлөм секторлорунун өкүлдөрүн, ошондой эле ведомстволор аралык жана жумушчу топтордун катышуучуларын сыйлоо аземи болуп өттү.

Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, QR-коддордун бирдиктүү стандартын киргизүү өлкөнүн каржы секторун санариптештирүүнүн негизги этабы болуп саналат. Аны ишке ашыруу үчүн Улуттук банк, мамлекеттик органдарды жана банк коомчулугу менен биргелешип узак жана татаал ишти аркалап, Кыргызстанда төлөмдөрдүн заманбап инфраструктурасын түзүүгө жетишкен.

Ушуга ылайык, республиканын санариптик технологияларын өнүктүрүүгө салымы кошкон айрым кызматкерлер катышып, аларга тийиштүү сыйлыктар тапшырылды.

Бирок, аталган ишчарага ELQR системасын иштеп чыгууга, масштабдоого, сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүн өнүктүрүүгө зор салымын кошкон, Улуттук банктын санарип жана финансы технологияларын өнүктүрүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Айгүл Бакесариева катышкан жок. Эске салсак, Бакесариева ELQR системасы жана санарип сом заманбап төлөм каражатын иштеп чыгуу боюнча салымын кошкон адис катары коомчулукка кеңири таанымал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media
Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

12-октябрда Кыргызстандын экономика министри Бакыт Сыдыков менен Сингапурдун транспорт жана финансы министри Джеффри Сиоу онлайн форматта кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Макулдашуу ачык жана болжолдоого боло турган салык чөйрөсүн түзүүгө, кош салык салуу тоскоолдуктарын жоюуга жана инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө

Ишкер Media
Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш ташташты. Алар Region телеканалына маянасы аз экенин, аны убагында алалбай жатышканын, кошумча жумуштар үчүн каралган акча берилбегенин айтышкан. "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Байгазы Эргешов 31-август үчүн кошумча каражат кечиккенин моюндап, мэрияга караштуу ишкана болгондуктан каражатты өз алдынча иштете албай турганын

Ишкер Media
Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media