Кадамжайда окуучуларга финансылык сабаттуулук боюнча лекция өтүлдү
Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кадамжай районундагы №15 С. Айни атындагы мектептин окуучуларына финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү. Иш-чара 25-ноябрда уюштурулган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалымдалгандай, лекцияда окуучуларга акчаны туура пайдалануу, жеке жана үй-бүлөлүк бюджетти түзүү, финансылык максаттарды аныктоо жана каражаттарды пландаштыруу жолдору түшүндүрүлдү.
Ошондой эле QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү, кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу, дропперлик, финансылык пирамидалар жана киберкылмыштуулуктун башка түрлөрү тууралуу маалымат берилди.
Мындан тышкары, катышуучулар финансылык тобокелдиктерге байланышкан ар кандай кырдаалдарды талдап, алардан сактануу жолдору менен таанышты.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу