7-июнь - Кыргызстандын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү

7-июнь - Кыргызстандын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү

Жыл сайын 7-июнда Кыргыз Республикасында финансы-экономика чөйрөсүнүн кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешет. Бул майрам финансы жана экономика тармагында эмгектенген кызматкерлерге таандык.

Майрам өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө экономиканын бардык тармактарынын финансылык жана экономикалык кызматкерлеринин кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгилөө максатында уюштурулган.

Кыргызстанда финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө 900гө жакын уюм иш жүргүзөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, аларда иштеген кызматкерлердин тизмелик саны 2024-жылдын январь-март айларында  24,6 миң адамды түзүп, 2023-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 11,4 %га көбөйгөн.

2023-2024-жж.финансылык ортомчулук жана мекемелердин кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы жана тизмелик саны төмөндөгүдөй болгон:

Статистика боюнча

2023-ж 1-кв. Жумушчулар

2023-ж 1-кв. эмгек акы

2024-ж 1-кв. Жумушчулар

2024-ж 1-кв. эмгек акы

Финансылык ортомчулук

21 446

53 645

23 896

62 494

2024-жылдын январь-март айларында финансылык ортомчулук уюмдары (банк секторун кошпогондо) тарабынан алынган дүң кирешенин көлөмү 14,8 млрд. сомду түзгөн. Бул көлөм кийинки ишканалар тарабынан түзүлгөн:

-         64% ашыгы - виртуалдык активдерге ээ бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруучу финансылык ортомчулук уюмдары;

-        27% - банк чөйрөсүнөн тышкаркы кредит берүүчү уюмдар;

-        5,6%ы - камсыздандыруу компаниялары;

-        3%га жакыны бухгалтердик эсеп жана аудит.

 Финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү ишканалардын жалпы санынын жарымынан көбү үстүбүздөгү жылдын I кварталын 2,5 млрд. сом суммасындагы пайда менен аяктады, ал эми 15% чыгаша (0,2 млрд. сом) тартты. 2024-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен алар тарабынан 2,3 млрд. сом пайда өлчөмүндөгү оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды.

Жогорку кесиптик окуу жайларында (ЖКОЖ), ошондой эле орто кесиптик билим берүү уюмдарында (ОКБУ) окуган студенттер арасында эң популярдуу адистик экономика жана башкаруу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media