Баткенде “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркын түзүү сунушталды

Баткенде “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркын түзүү сунушталды

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Баткен облусуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында ал Баткен облусунун региондук инвестициялык портфелин иштеп чыгуу боюнча жыйынга катышты.

Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө өлкө боюнча учурда 158 долбоор каралып чыкканын белгилеп, алардын айыл чарба, курулуш, туризм, электр энергиясынын тартыштыгын жоюу жана өндүрүштү өнүктүрүү багыттарын камтый турганын айтты. Ошондой эле топтолгон долбоорлор кичи, орто жана ири болуп үч категорияга бөлүнөрүн жана алар банктарга, фонддорго жана инвесторлорго сунушталарын билдирди.
Жыйынга Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдер жана шаар мэрлери катышып, өз аймактары боюнча даярдалган долбоорлорду презентациялашты.

Облус башчысы “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркын түзүү долбоору тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынын чек ара тилкесинде жайгаша турган “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркын түзүү долбоорунун башкы планы иштелип чыккан.

Жалпы аянты 100 гектарды түзгөн бул ири комплекс аймактык интеграцияны бекемдөөгө, чек ара кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга жана региондун экономикалык өсүшүнө олуттуу салым кошууга багытталган.

Долбоордун негизги максаты – үч мамлекеттин ортосундагы биримдикти, кызматташтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу, соода-логистикалык байланыштарды күчөтүү жана эл аралык инвестицияларды тартуу аркылуу жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media