Депозиттерди коргоо агенттигинде 5,8 млн сомдук каржылык эреже бузулган

Депозиттерди коргоо агенттигинде 5,8 млн сомдук каржылык эреже бузулган

Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында Депозиттерди коргоо агенттигинде 5 млн 866,5 миң сомдук каржылык эреже бузуулар аныкталды.

Эсептөө паласы билдиргендей, аудит 2024–2025-жылдардагы ишмердүүлүктү камтып, негизги мүчүлүштүктөр эмгек акы фондун пайдаланууда жана ички документтерди жүргүзүүдө катталган.

Маалыматка ылайык, агенттикте бекитилген төлөмдөрдүн тизмесинде каралбаганына карабастан, кызматкерлерге материалдык жардам катары 5 млн 586,5 миң сом берилген. Ошондой эле ички документтердеги карама-каршылыктардан улам күз-кыш мезгилине жардам берүүдө 280 миң сомдук айырма аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Эсептөө палатасы агенттикке аныкталган кемчиликтерди жоюу, каражаттарды пайдаланууда көзөмөлдү күчөтүү жана каржылык тартипти жакшыртуу боюнча сунуштарды берди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

1700дөн ашык жол тейлөө кызматкери бирдиктүү форма менен камсыздалат

Анкарада туризм жана саякат боюнча көргөзмө болуп өттү

Өлкөгө мыйзамсыз киргизилген 15,7 кг зер буюмдары аныкталды

Бишкекте социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасына көзөмөл жүргүзүлүүдө

Нарын шаарында Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду