Күйүүчү-майлоочу майларга субсидия берүү тартибин өзгөртүү сунушталууда

Күйүүчү-майлоочу майларга субсидия берүү тартибин өзгөртүү сунушталууда

КРнын Министрлер Кабинети күйүүчү-майлоочу материалдардын рыноктогу бааларын турукташтырууга багытталган токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документ 2026-жылдын 8-августуна чейин коомдук талкууда болот.

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, Түрксиб жана Сары-Агач темир жол станцияларынын жеткирүү базисинде, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн импорттоодо КРнын мамлекеттик чек арасында импорттолгон күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуунун белгиленген баалары төмөнкү деңгээлде аныкталат:

-        АИ-92 бензини – тоннасына 1100 $;
-        дизель отуну – тоннасына 1200 $;
-        автомобиль үчүн суюлтулган газ – тоннасына 700 $ өлчөмүндө белгиленет.

Мындан сырткары, субсидия берүү тартибине бир катар өзгөртүүлөр сунушталууда. Алардын негизгилери, АИ-95 бензини субсидия берилүүчү күйүүчү майлардын тизмесинен чыгарылат; субсидияны бааларды жөнгө салуу боюнча өкмөт менен макулдашуу түзгөн импорттоочу жана сатуучу компаниялар гана ала алат; субсидиянын өлчөмү импорттун келишимдик баасы менен өкмөт белгилеген баанын айырмасынын негизинде, ташуу жана башка чыгымдарды эске алуу менен эсептелет.

Ошондой эле субсидия алуу үчүн документтердин тизмеси кеңейтилет. Импорттун көлөмү, келишимдер, эсеп-фактуралар, ташуу чыгымдары, КНС төлөнгөнүн тастыктаган документтер жана күйүүчү майды маркалоого байланыштуу маалыматтарды тапшыруу талап кылынат.

Долбоордо арыздарды кароо тартиби да өзгөртүлүп, аларды Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы карап чыгып, андан соң ведомстволор аралык жумушчу топко жөнөтөрү сунушталган.


Документтин негиздемесинде өзгөртүүлөр экономикалык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнү күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана бул тармактагы ишкерлерди мамлекеттик колдоо максатында иштелип чыкканы белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Кыргызстан менен Нигер дипломатиялык мамиле орнотту

Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстан менен Нигер ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, документке тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Бакари Яу Сангаре кол коюшту. Жолугушууда министр Кулубаев Кыргызстан Африка өлкөлөрү, анын ичинде Нигер менен

Ишкер Media
Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү маселеси талкууланды

Бүгүн айыл чарба министрдин орун басары Рысгүл Акимжанованын катышуусунда айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүүгө багытталган жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага фермер аялдар, ишкер айымдар, кооператив жетекчилери жана агросектордун эксперттери катышты. Жолугушууда аялдардын каржылоого, жер жана суу ресурстарына жетүү, кайра иштетүү, сертификация жана продукцияны сатуудагы

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

Кыргызстан менен Бенин визалык талаптардан өз ара бошотулду

25-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин Республикасынын тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүү жана аймактык күн тартип талкууланды. Кыргызстандын 2028–2029-жылдары БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Бул тууралу президенттин администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имараттагы шарттар менен таанышты. Анда заманбап окуу аудиториялары, китепкана, окуу залы, хореография жана концерт залдары, ашкана каралган.

Ишкер Media