Салык кызматы 1,4 млн сомдук мыйзамсыз товарларды аныктады

Салык кызматы 1,4 млн сомдук мыйзамсыз товарларды аныктады

Мамлекеттик салык кызматы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө өлкөнүн аймагына товарларды мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныктады.

Мекеменин маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин биринен үй буюмдарын ташып келе жаткан жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келген эл керектөөчү товарлар аныкталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы 1 млн 400 миң сомдон ашат.

Учурда бул факты боюнча мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктарды өндүрүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Салык кызматынан белгилешкендей, мындай көзөмөл иш-чаралары товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюу, бюджетке салыктык түшүүлөрдү толук камсыз кылуу жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниет катышуучулары үчүн бирдей атаандаштык шарттарын түзүү максатында улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму Бишкек мэриясы менен биргеликте жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17 жаранга ОСАГО, ОСЖ жана ОСГОПП полистери боюнча жалпы 2 млн 157 миң 392 сом төлөндү. Ал эми регион боюнча жалпы төлөм 3 млн 350 миң 425 сомду түздү. Бул каражат жарандардын күтүүсүз

Ишкер Media
Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкек шаарынын Октябрь районунда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришити. Маалымдалгандай, иш-чара Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду. Машыгуунун темасы - аммиак сыяктуу уулуу зат сыртка чыгып кеткенде авариялык-техникалык топтун аракеттери. Машыгууга мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков

Ишкер Media
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БАЭден келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришити. Маалымдалгандай, делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Министрлик Кыргызстанда кең жайыттар, ыңгайлуу климат

Ишкер Media
Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс,

Ишкер Media