Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол коюлду. Алардын арасында Ысык-Көл облусунда биринчи шамал электр станциясын (ветропарк) куруу жана эксплуатациялоо долбоорун колдоо боюнча макулдашууга  "НоваВинд Кыргызстан" ЖЧКсы ("Росатом" МКнын шамал энергетикасы дивизионуна кирет) жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду кол коюшту. Долбоордун алгачкы жабдуулары Кыргызстанга жеткирилди.

 Форумдун алкагында "Росатомдун" өкүлдөрү ишкердик программага катышышты. "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов"Энергетика – экономикалык өсүштүн негизи" сессиясынын модератору болду. Сессияда Кыргыз Республикасындагы энергетикалык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча россия менен кыргызстандык көз караштар сунушталды.

Ал эми “Санариптик суверенитет” сессиясында спикер катары «Гринтех» ЖЧКсынын башкы директору Сергей Смирных катышты. Анда катышуучулар Россия менен Кыргызстандын санариптик суверенитетти калыптандыруу, жасалма интеллектти киргизүү жана башка технологиологиялык аспектилер боюнча мамилелерин талкуулашты.

 Форумда ошондой эле жаштар багыты боюнча да иш жүргүзүлүп, аны мамлекеттик корпорация "Росатомдун" башкы директорунун алдындагы Impact Team 2050 Эл аралык жаштар консультативдик кеңешинин мүчөсү Бектан Кыдыев тааныштырды.

"Форумдун башкы натыйжасы — бул Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгы ырааттуу жана максаттуу өнүгүп жаткандыгынын далили: келишимдерден — долбоорлорго, долбоорлордон - жаңы инфраструктурага жана өлкө экономикасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө өтүүдө. Бул жаңы кубаттуулуктарды түзүү, энергобалансты диверсификациялоо, узак мөөнөттүү каржылоону тартуу жана энергосистеманын туруктуулугун чыңдоо болуп саналат. Биз Кыргызстан “жашыл” энергетика долбоорлоруна - долбоорлоодон жана курулуштан тартып объекттерди эксплуатациялоого чейин инвестиция салууга даяр “Росатом” сыяктуу ири катышуучулар үчүн тартуу борборуна айланып жатканына дагы бир ирет ынандык", – деп белгиледи «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media