Бажы кызматынын кызматкери мамлекетке 5 млн сомдон ашуун зыян келтирген
Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан бажы органдарынын биринин кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.
Иликтөөнүн божомолу боюнча, 2026-жылдын июль айында бажы кызматынын инспектору К.у.Т. үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинген товарга бажылык текшерүү жүргүзүү учурунда анын иш жүзүндөгү мүнөздөмөлөрүн көрсөтпөстөн, бажылык текшерүүнүн актысына товардын билдирилген маалыматтарга шайкештиги тууралуу маалыматтарды киргизген.
Бажы кызматынын маалыматына ылайык, кылмыш иштин натыйжасында мамлекетке 5 млн 686 миң 218 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
К.у.Т. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айыпталып, ага карата соттун чечими менен бөгөт коюу чарасы катары №1 тергөө абагына камакка алуу колдонулду.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.