Электрондук эсеп-фактураларды тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда

Электрондук эсеп-фактураларды тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда

Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) тариздөө жана колдонуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун коомдук талкууга койду. Долбоор салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөргө ылайыкташтыруу жана салыктык башкарууну санариптештирүүнү өркүндөтүү максатында даярдалган.

Долбоорго ылайык, ЭЭФти толтурууда көрсөтүлүүчү милдеттүү маалыматтар такталууда. Анын ичинде:

  • товарды, жумушту же кызматты сатуучунун жана сатып алуучунун идентификациялык номери, аталышы;
  • товар же кызматтын коду, аталышы, көлөмү, баасы, салыктардын ставкалары жана суммалары;
  • төлөө формасы, накталай эмес төлөмдөрдө банктык реквизиттерди көрсөтүү талаптары такталат;
  • кошумча нарк салыгынын ставкасы жана суммасы;
  • банктык идентификациялык код (БИК), банктын аталышы жана жеткирүүчүнүн /сатып алуучунун банктык эсебинин номери – накталай эмес төлөм формасында төмөнкү учурларды кошпогондо талап кылынбайт: калкка сатууда, соода платформалары аркылуу товар жеткирүүдө жана жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттерге товар сатууда.
  • авто май куюучу станцияларда отун картасы, талон же тастыктама аркылуу мунай продуктуларын сатууда ЭЭФти тариздөө боюнча өзүнчө норма киргизүү сунушталууда.

Долбоордо буга чейин ЭЭФке жаңылыш киргизилип кеткен товарлардын санын же көлөмүн түзөтүү тартиби да такталат. Мындан тышкары, ЭЭФ төлөмдүн формасы — накталай, накталай эмес, кайтарымсыз же товар алмашуу түрүндө көрсөтүлөт.

Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — ЭЭФти толтуруудагы түшүнбөстүктөрдү азайтуу жана электрондук салыктык башкарууну жакшыртуу болуп саналат.

Ошондой эле бул долбоорду кабыл алуу - тартиптин жоболорун салык төлөөчүлөр жана салык органдары тарабынан бирдей колдонууга, ЭЭФти түзөтүүдө келип чыгуучу эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, ошондой эле ЭЭФти тариздөөдө кетирилген каталардын санын азайтууга мүмкүндүк берет.

Мамлекеттик салык кызматынын коомдук талкуудагы ушул долбооруна карата   сунуш-пикирлер 27-августка чейин кабыл алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда

Жалал-Абад облусундагы Үч-Коргон ГЭСинде станциянын кубаттуулугун жогорулатууга багытталган модернизация иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, учурда №2 гидроагрегатты алмаштыруу толук аяктап, №1 агрегатты жана өндүрүштүк инфраструктураны жаңылоо жүрүп жатат. Долбоордун алкагында реконструкция 2024-жылы башталган. Буга чейин №4, №3 жана №2 гидроагрегаттар жаңыланып, жалпы кубаттуулук

Ишкер Media
Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкек шаарында эт азыктарына белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөө жана уй эти менен кой этинин баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти. Билдирүүгө караганда, рейддик иш-чаралар райондук муниципалдык администрациялар тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтардын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте

Ишкер Media
Нарында Ленин көчөсүн оңдоодо аныкталган кемчиликтер жоюлат

Нарында Ленин көчөсүн оңдоодо аныкталган кемчиликтер жоюлат

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштеринин сапатын текшерди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Жол чарба департаменти, шаардык прокуратура, мэрия жана тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда комиссиялык түрдө өттү. Жыйынтыгында суу өткөрүүчү лотокторду орнотууда жана тышкы жарыктандырууда долбоордон четтөөлөр жана

Ишкер Media
Таласта ишкерлерге мамлекеттик каржылоо механизмдери түшүндүрүлдү

Таласта ишкерлерге мамлекеттик каржылоо механизмдери түшүндүрүлдү

Талас шаарында "Региондорду экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишкерлер жана стартап идеясы бар жарандар менен маалыматтык жана B2B форматындагы жолугушуу өттү. Бул тууралуу “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чарада “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКсынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, бизнести мамлекеттик каржылык колдоонун механизмдери жана жеңилдетилген каржылоону алуу шарттары

Ишкер Media