Улуттук статистика комитети: Кыргызстанда ИДП 11,1% өстү

Улуттук статистика комитети: Кыргызстанда ИДП 11,1% өстү

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 1 172,7 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,1%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдиришти.

Билдирүүгө караганда, экономикалык өсүш негизги тармактардын көбүндө байкалды. 2026-жылдын январь-июль айларында өнөр жайда - 525,3 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 111,2%ды түздү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн 2025-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу өсүшү:

  • транспорт каражаттарын өндүрүү – 41,8%;
  • жыгач, кагаз жана полиграфия продукциялары – 37,5%;
  • курулуш материалдарын өндүрүү – 33,6%;
  • фармацевтикалык продукция – 13%;
  • кен байлыктарын казуу – 16,9%;
  • негизги металлдар – 8,5%;
  • тамак-аш жана тамеки өндүрүшү – 2,4% өстү.
Маалыматка ылайык, оң тенденция курулуш тармагында байкалып, анын көлөмү 1,6 эсеге, дүң жана чекене соода 4%га, айыл чарбасы 6%га өстү.

Көрсөтүлгөн мөөнөткө карата (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы республика боюнча 6,7%га жогорулады. Анын ичинде:

  • азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар – 5,9%;
  • алкоголдук ичимдик жана тамеки – 7,1%;
  • азык-түлүк эмес товарлар – 5,1%;
  • калкка көрсөтүлгөн кызматтар – 10,1% кымбаттады.

Ал эми өлкө ичиндеги баалардын эң жогорку өсүшү Ош облусунда – 14,9% болду.

Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын товарлар боюнча тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 7,9 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4%га өстү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода 3 млрд долларды түзүп, 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 0,1%га төмөндөгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда

Жалал-Абад облусундагы Үч-Коргон ГЭСинде станциянын кубаттуулугун жогорулатууга багытталган модернизация иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, учурда №2 гидроагрегатты алмаштыруу толук аяктап, №1 агрегатты жана өндүрүштүк инфраструктураны жаңылоо жүрүп жатат. Долбоордун алкагында реконструкция 2024-жылы башталган. Буга чейин №4, №3 жана №2 гидроагрегаттар жаңыланып, жалпы кубаттуулук

Ишкер Media
Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкек шаарында эт азыктарына белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөө жана уй эти менен кой этинин баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти. Билдирүүгө караганда, рейддик иш-чаралар райондук муниципалдык администрациялар тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтардын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте

Ишкер Media
Нарында Ленин көчөсүн оңдоодо аныкталган кемчиликтер жоюлат

Нарында Ленин көчөсүн оңдоодо аныкталган кемчиликтер жоюлат

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштеринин сапатын текшерди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Жол чарба департаменти, шаардык прокуратура, мэрия жана тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда комиссиялык түрдө өттү. Жыйынтыгында суу өткөрүүчү лотокторду орнотууда жана тышкы жарыктандырууда долбоордон четтөөлөр жана

Ишкер Media
Таласта ишкерлерге мамлекеттик каржылоо механизмдери түшүндүрүлдү

Таласта ишкерлерге мамлекеттик каржылоо механизмдери түшүндүрүлдү

Талас шаарында "Региондорду экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишкерлер жана стартап идеясы бар жарандар менен маалыматтык жана B2B форматындагы жолугушуу өттү. Бул тууралуу “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чарада “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКсынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, бизнести мамлекеттик каржылык колдоонун механизмдери жана жеңилдетилген каржылоону алуу шарттары

Ишкер Media