“Биз эл менен» кайрымдуулук фонду элди алдап келгени айтылууда

“Биз эл менен» кайрымдуулук фонду элди алдап келгени айтылууда

Ички иштер министрлигине Бишкек шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында өздөрүн кайрымдуулук уюмдарынын ыктыярчылары катары тааныштырып, коомдук жайларда, анын ичинде мечиттердин жанында жана жол жээктеринде жарандардан акча каражаттарын чогулткан адамдардын мыйзамсыз аракеттери тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2019-жылдан бери иш алып барган «Биз эл менен» кайрымдуулук фонду аныкталып, анын жетекчисинин жана уюштуруучуларынын өздүгү такталган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин Алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн финансылык талдоонун жыйынтыгында фонддун жетекчисинин жана уюштуруучуларынын банктык эсептери аркылуу ири суммадагы акча каражаттары жүгүртүлгөнү аныкталган.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2026-жылы жетекчинин эсептеринин биринде 41 миңден ашуун операция жүргүзүлүп, жалпы жүгүртүүнүн көлөмү 12 млн сомдон ашкан. 2024–2026-жылдар аралыгында келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен 30 млн сомду түзөт.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан фонддун жетекчиси 1993-жылы туулган Б.кызы Т. Бишкек шаарында кармалган. Анын жашаган жеринде жана автоунаасында тинтүү жүргүзүлүп, кылмыш иши үчүн маанилүү болгон документтер жана башка буюмдар алынган.

Соттун чечими менен ага карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалып, №1 тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери улантылып, акча каражаттарынын кыймылы, келтирилген зыяндын так көлөмү жана башка адамдардын кылмыш ишине тиешеси бар-жогу аныкталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media
2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media