“Учкун” 23 млн сомдук окуу китептерин кимдерге сатканын түшүндүрдү

“Учкун” 23 млн сомдук окуу китептерин кимдерге сатканын түшүндүрдү

“Учкун” ААКы 23 млн сомдук мектеп окуу китептерин саткан. Басмакана китептерди акыркы керектөөчүлөргө кайрылуулар боюнча сатканын жана бул мыйзам бузуу эмес экенин билдирди. Мында маалыматты “Учкун” ААКнын өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеев маалымат жыйынында кабарлады.

Анын айтымында, басмакана акыркы эки жылдан бери Билим берүү министрлиги жана “Окуу китеби” басма үйү менен келишимдин негизинде мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгарат. Министрлик китептердин санын жана тиражын аныктайт, “Учкун” аларды басып чыгарып, аймактарга жеткирет.

Бейшеевдин маалыматына караганда, укук ээси менен түзүлгөн лицензиялык келишим басмаканага окуу китептерин акыркы керектөөчүлөргө сатууга уруксат берген. Анын ичинде жеке мектептерге жана китеби жоголгон же бузулган ата-энелерге сатылган. Бул түшүндүрмө «Дордой» базарында окуу китептери сатылып жатканы тууралуу маалыматтан кийин жүргүзүлүп жаткан текшерүүнүн фонунда айтылды.

Эске салсак, 15-сентябрда ЖКтин депутаты Дастан Бекешев “Дордой” базарынан “Учкунда” басылган - “Сатууга болбойт” деген белгиси бар 3-класстын математика китебин 650 сомго сатып алганын билдирген. Буга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев - ИИМге, УКМКга жана Агартуу министрлигине китептердин эркин сатууга кандайча түшүп калганын аныктоону тапшырган.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media