КР УКМК: ЖӨБ органдарынын кызмат адамдары тарабынан аныкталган мыйзам бузуулар жөнүндө

КР УКМК: ЖӨБ органдарынын кызмат адамдары тарабынан аныкталган мыйзам бузуулар жөнүндө

УКМК Нарын облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын жана муниципалдык кызматтардын кызмат адамдары тарабынан жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү жыйноодо каржылык мыйзам бузууларга жол берилген фактыны аныктады.

Билдирүүгө караганда, КРнын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык, жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жергиликтүү калктан жыл сайын төлөм алынат. Бирок, жыйналган акча каражаттары толук көлөмдө жергиликтүү бюджетке түшпөгөндүгү такталды.

Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы тарабынан 27 айыл аймагында жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында келтирилген финансылык зыяндын өлчөмү 36 млн сомдон ашык болгондугу аныкталды.

Учурда ушуга байланыштуу тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча тиешеси бар кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилип, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси өттү

Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси өттү

Бүгүн Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жумушчу тобунун кеңешмеси өткөрүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Билдирүүгө караганда, кеңешменин негизги максаты – Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча жумушчу топтун ишин уюштурууга байланышкан негизги

Жалал-Абадда 275 орундуу жаңы мектеп ачылды

Жалал-Абадда 275 орундуу жаңы мектеп ачылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылында Чыңгыз Айтматов атындагы 275 орундуу жаңы мектептин имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 1 236 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулду. Жаңы мектепте балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар

Энергетика министрлиги Кореянын KEPCO корпорациясы менен меморандумга кол койду

Энергетика министрлиги Кореянын KEPCO корпорациясы менен меморандумга кол койду

Сеул шаарында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кореянын электр энергетикалык корпорациясынын (KEPCO) улук вице-президенти Чанхёк Чон менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушуунун соңунда эки тарап энергетика тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Тараптар эми төмөнкү багыттар боюнча чогуу иш алып барышат: * электр тармагын санариптештирүү; * электр жарыгынын жоготууларын азайтуу;

Баткенде ГЭС куруучу компанияга 200 миң сом айып салынды

Баткенде ГЭС куруучу компанияга 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Баткен региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Көзөмөл иш-чараларынын алкагында Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан "Исфайрам-4" кичи ГЭСинин курулуш объектисинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө объектте арматураларды токуу иштери бекитилген башкы