Кыргызстан ШКУ алкагындагы соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан ШКУ алкагындагы соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов 17-сентябрда Душанбеде өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрлеринин 25-жыйынына катышты.

Министрликтин билдирсн караганда, жыйында ШКУ алкагындагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелери талкууланды. Тараптар бул багыттагы кызматташтыкты ырааттуу бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.

Жыйындын жыйынтыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин министрлеринин билдирүүсү кабыл алынып, 2026–2030-жылдарга көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы макулдашылды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Россия Кыргызстандагы 15 миңден ашык үй-бүлөгө гуманитардык жардам берди

Россия Кыргызстандагы 15 миңден ашык үй-бүлөгө гуманитардык жардам берди

Россия Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын өткөрүп берди. Бул гумжардамды Кыргызстандагы 15 миңден ашык үй-бүлө алышы күтүлөт. 473,2 тонна байытылган ун жана 67,5 тонна майдаланган буурчакты расмий түрдө  өткөрүп берүү аземи Ошто болду. Ага Россиянын башкы консулу Роман Свистин жергиликтүү

Бишкектеги таштанды заводунун экинчи этабын куруу каралууда

Бишкектеги таштанды заводунун экинчи этабын куруу каралууда

Бишкектеги катуу тиричилик калдыктарын электр энергиясын өндүрүү менен утилдештирүүчү заводдо ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө комиссия Бишкек шаарындагы полигонду текшерип, заводдун технологиялык процесси менен таанышты. Заводдун экинчи этабын куруу жана анын кубаттуулугун суткасына

Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай эмес жайларды сатыкка чыгара баштады

Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай эмес жайларды сатыкка чыгара баштады

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) өзүнө таандык турак жай эмес жайларды сатыкка чыгара турганын жарыялады. Билдирүүгө караганда, Объектилердин түрүнө жараша коммерциялык жайлар, цокольдук кабаттар, жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар, кампа жана техникалык бөлмөлөр сунушталууда. Аларды жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик органдар жана уюмдар сатып ала алышат. Сатуу түз же

Ошто кышкы сезонго даярдык текшерилди

Ошто кышкы сезонго даярдык текшерилди

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев жана шаардык кеңештин депутаттары 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иштерин жеринен текшеришти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, көчмө жыйындын жүрүшүндө жылуулук, электр энергиясы, муниципалдык чарба жана башка тармактардын кышка даярдыгы каралды. Аныкталган маселелер боюнча жооптуу жетекчилерге тапшырмалар берилди. Ошондой эле даярдык