Кыргызстанда "Электрондук эсеп-фактура 2.0" пилоттук режимде иштей баштады

Кыргызстанда "Электрондук эсеп-фактура 2.0" пилоттук режимде иштей баштады

Кыргызстанда "Электрондук эсеп-фактура 2.0" (ЭЭФ 2.0) модулу 1-сентябрдан тартып, алты айга пилоттук режимде ишке киргизилди. Жаңы система товарларды жүгүртүүнү автоматташтырууга, виртуалдык кампа түзүүгө жана айрым товарлардын кыймылын санариптик эсепке алууга багытталган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

ЭЭФ 2.0 - төмөнкү товарлар менен операция жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн милдеттүү:

  • мунай жана мунайзаттары;
  • көмүр;
  • алкоголдук продукциялар;
  • тамеки продукциялары.

Ошол эле учурда азыркы “Электрондук эсеп-фактура” системасы штаттык режимде иштей берет. ЭЭФ 2.0 аркылуу пилоттук мезгилде түзүлгөн документтер салык милдеттенмелеринин пайда болушуна же өзгөрүшүнө негиз болуп саналбайт.

Милдеттүү тизмеге кирбеген товарларды саткан ишкерлер жаңы системаны ыктыярдуу түрдө тестирлей алышат. Бул үчүн салык төлөөчүнүн жеке кабинетинен «Электрондук эсеп-фактура 2.0» модулуна кирип, «Виртуалдык кампа түзүү» баскычын басуу керек.

МСК пилоттук долбоордун жүрүшүндө ишкерлерден системаны жакшыртуу боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы

Өлкөдө 10 айда курулуш тармагы 61,5 %га өстү